Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-майы № 1581-VI
"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 14-июлундагы № 394 токтом) "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өлкөнүн илимий потенциалын сактоо жана республикада илимди уюштуруу системасын ишке ашыруу боюнча алда канча көп натыйжага жетишүү максатында "Кыргыз Республикасынын Илимдердин улуттук академиясынын мүчөлөрүнүн жогорку саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-сентябрындагы № 558 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Илимдердин улуттук академиясынын мүчө-корреспонденттеринин жогорку санын 55ке чейин азайтуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Илимди уюштуруу системасын реформалоо концепциясынын 2-бөлүмүндөгү 2.5-пункттун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрүн алып салуу жөнүндө маселени карасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|