ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1803-VI «Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө» токтому

Редакция29.06.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-июну № 1803-VI

Мамлекеттик бюджеттик резервден каражаттарды бөлүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 23-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-июнундагы № 260-б буйругуна ылайык жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу үчүн Мамлекеттик бюджеттик резервден 300,0 млн. сом суммасындагы кошумча каражаттарды бөлүүгө макулдук берилсин, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине 115,0 млн. сом суммасында;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментине 185,0 млн. сом суммасында.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдары болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдө Мамлекеттик бюджеттик резервден 300,0 млн. сом суммасындагы бөлүнүүчү каражаттарды карасын.

3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

Ч.Турсунбеков