Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 459-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2017-жылдын 16-ноябры № 1996-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 24-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
"Бюджет жана финансы боюнча комитет" деген 8-бөлүктүн 1-пункту 28-абзацтан кийин төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышынын отчету;".
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Торага | Д. Джумабеков |