Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

от 19 марта 2009 года №184

 «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода эканомикалык, илимий техникалык жана маданий-гуманитардык  чѳйрѳлѳрдѳ кызматташтыгы боюнча биргелешкен ѳкмѳттѳр аралык комиссиялардын кыргыз бѳлүгү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы №95 токтомуна озгортүүлѳрдү киргизүү туралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

I «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соо, алык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык «чѳйрөлөрдө кызматгаштыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы №95 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

«Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кытай комиссиясы" позициясындагы "Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;

«Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясы" позициясындагы "Кыргыз Республикасынын финансы министри" деген создор "Кыргыз Республикасынын биринчи "Премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. «Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чѳйрѳлѳрдѳ кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комисссиялардын кыргыз бөлүгү женүндө» Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 токтомуна езгөртүүлердү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабырындагы № 661 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр

И.Чудинов