Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-марты №186
2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек миграциясына квоталарды аныктоо жөнүндө
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине жана "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине жыл ичинде Кыргыз Республикасы боюнча белгиленген квотанын чектеринде экономика тармактары жана региондор ортосунда квоталарды кайра бөлүштүрүүгө укук берилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын" 20-мартындагы №186 токтомуна тиркеме |
2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек ишмердигин жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келишкен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектик санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА
Региондор | Экономика тармактары боюнча кесиптердин (иштердин) топтору (адам) | ||||||
Өнөр жай жана курулуш | Айыл жана токой чарбасы, кайра иштетуу өнөр жайы | Транспорт коммуникация, геологиялык чалгындоо жана тоокен өнөр жайы | Соода тейлөө чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономикалык иштер | Саламаттыкты сактоо билим берүү, лим маданият жана искусство | Кредиттөө, банктык сектор камсыздандыруу жана башка тармактар |
Бардыгы | |
Баткен облусу | 235 | 115 | 22 | 51 | 35 | 10 | 468 |
Жалал-Абад облусу | 186 | 212 | 112 | 22 | 74 | 22 | 628 |
Ысык-Көл облусу | 74 | 112 | 13 | 18 | 17 | 10 | 244 |
Нарын облусу | 22 | 32 | 70 | 13 | 25 | 19 | 181 |
Ош облусу | 69 | 87 | 22 | 930 | 15 | 22 | 1145 |
Талас облусу | 44 | 48 | 23 | 12 | 15 | 13 | 155 |
Чүй облусу | 244 | 760 | 74 | 112 | 52 | 74 | 1316 |
Бишкек шаары | 967 | 37 | 112 | 1711 | 223 | 283 | 3333 |
Ош шаары | 344 | 422 | 22 | 223 | 74 | 30 | 1115 |
Республика боюнча бардыгы | 2185 | 1825 | 470 | 3092 | 540 | 473 | 8585 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
Н.Айтмурзаев |