Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-марты №196
Мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларын баалоочу эксперттик топ жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Ишкердик ишти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы №435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 31-декабрындагы №752 "Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтомунун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларын баалоочу эксперттик топ жөнүндө жобо;
- Колдонуудагы лицензиялык-уруксат берүүчү системаны кайра кароону баалоо боюнча суроолордун стандарттык тизмеси (мындан ары - Суроолордун стандарттык тизмеси).
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Эксперттик топко ишмердиктин чөйрөсүнө тийешелүү маселелер боюнча көмөктөшсүн;
- Суроолордун стандарттык тизмесин жетекчиликке алышсын;
- 2009-жылдын 6-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине толтурулган Суроолордун стандарттык тизмесин беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги менен бирдикте Эксперттик топту жай менен камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-мартындагы №196 токтому менен бекитилген |
Колдонуудагы лицензиялык-уруксат берүүчү системаны кайра кароону баалоо боюнча суроолордун СТАНДАРТТЫК ТИЗМЕСИ
1. Колдонуудагы лицензиялык-уруксат берүүчү системаны кайра кароону баалоо боюнча суроолордун ушул стандарттык тизмеси уруксат берүүчү документти баалоонун формасы болуп эсептелет жана лицензиянын жана уруксат берүүчү документтин ар бир түрү же түрчөсү үчүн толтурулат жана Ишкердикти жөнгө салуунун нормативдик укуктук базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссияга берилет.
2. Стандарттык форма басма версиясында Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин дарегине жана электрондук версиясында reformakg@mail.com дарегине жиберилет.
3. Басма версиясы мамлекеттик ведомствонун жетекчисинин колу менен тастыкталып, электрондук версиясына туура келүүгө тийиш.
4. Бул форманы толтуруу менен байланышкан маселелер пайда болгон учурларда _______________ телефонуна чалып маалымат алса болот.
5. Көңүл буруңуздар!!! Ушул Стандарттык тизмеге ылайык баалоо өткөрүлбөгөн бардык лицензиялар (түрлөрү жана/же түрчөлөрү) жана уруксат берүүчү документтер Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 9-декабрындагы N 435 "Ишкердик ишти жөнгө салуу жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык жоюлат.
┌───┬──────────────────────────────────┬──────────────────────────────┐
│ N │ Суроо │Мамлекеттик ведомствонун жообу│
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│1. │Лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин түрүн көрсөтүңүз. │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│2. │Лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин түрчөсүн │ │
│ │көрсөтүңүз.(1) │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│3. │Лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин тиешелүү түрүн же │ │
│ │түрчөсүн алууга арызды кароонун │ │
│ │орточо мөөнөтү кандай? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│4. │Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти алуу үчүн берилүүчү │ │
│ │документтерди жана аларды берген │ │
│ │мамлекеттик ведомстволорду санап │ │
│ │бериңиз. │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│5. │Лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин колдонуу мөөнөтү │ │
│ │кандай (ал канча убакытка │ │
│ │берилет)? Лицензиянын/уруксат │ │
│ │берүүчү документтин колдонуу │ │
│ │мөөнөтүн узартуу мүмкүнбү? Ооба │ │
│ │болсо, канча мөөнөткө? Жок болсо, │ │
│ │эмне үчүн? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│6. │Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти берүү үчүн акы алынабы?│ │
│ │Ооба болсо, анын өлчөмүн │ │
│ │көрсөтүңүз. │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│7. │Берилүүчү лицензиянын/уруксат │ │
│ │берүүчү документтин түрүн же │ │
│ │түрчөсүн кайталаган башка │ │
│ │мамлекеттик ведомстволор тарабынан│ │
│ │берилген лицензиялардын/уруксат │ │
│ │берүүчү документтердин башка │ │
│ │түрлөрү же түрчөлөрү барбы? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──┬───────────────┬───────────┤
│8. │Лицензияны/уруксат берүүчү │N │ Нормативдик │ Жарыялоо │
│ │документти, анын ичинде аны берүү │ │укуктук актынын│датасы жана│
│ │жол-жобосун жана квалификациялык │ │ аталышы │ орду │
│ │талаптарды жөнгө салган ├──┼───────────────┼───────────┤
│ │нормативдик укуктук актыларды │1.│ │ │
│ │санап бериңиз. ├──┼───────────────┼───────────┤
│ │ │2.│ │ │
│ │ ├──┼───────────────┼───────────┤
│ │ │3.│ │ │
│ │ ├──┼───────────────┼───────────┤
│ │ │4.│ │ │
│ │ ├──┼───────────────┼───────────┤
│ │ │5.│ │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──┴───────────────┴───────────┤
│9. │Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти киргизүүнүн тарыхы │ │
│ │жөнүндө кыскача маалымат бериңиз. │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│10.│Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти киргизүүдө чечиле │ │
│ │турган проблеманы көрсөтүңүз, анын│ │
│ │масштабын кыскача баяндап бериңиз.│ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│11.│Бүгүнкү күндө лицензияны/уруксат │ │
│ │берүүчү документти киргизүүдө │ │
│ │чечиле турган проблема барбы? │ │
│ │Мындай проблема азыркы убакта бар │ │
│ │болсо, проблеманын бар экендигин │ │
│ │далилдеген маалыматтарды │ │
│ │келтириңиз. │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│12.│Лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин колдонулуш максаты │ │
│ │кандай? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│13.│Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти колдонууга киргизген │ │
│ │учурдан баштап бүгүнкү күнгө │ │
│ │карата кандай жыйынтыктарга │ │
│ │жетишилди? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│14.│Лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин максаттуу тобу кандай?│ │
│ │(Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти ким алышы керек?) │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│15.│Сиз лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти колдонуу маселелери │ │
│ │боюнча максаттуу топ менен │ │
│ │консультация өткөрдүңүз беле? Ооба│ │
│ │болсо, консультация өткөрүлгөн │ │
│ │адамдардын аты-жөнүн/аталышын, │ │
│ │алардын байланыш маалыматтарын │ │
│ │жана сунуштарын санап бериңиз. │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│16.│Лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин максаттуу тобун │ │
│ │кыскартуу мүмкүнбү? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│17.│Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти жоюунун натыйжалары │ │
│ │кандай болушу мүмкүн? (ар бир │ │
│ │натыйжа негиздүү жана далилдүү │ │
│ │болууга тийиш). │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│18.│Лицензияны/уруксат берүүчү │ │
│ │документти жоюунун натыйжалары │ │
│ │мамлекеттик ведомствонун бюджети │ │
│ │же мамлекеттик бюджет үчүн кандай │ │
│ │болушу мүмкүн? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──┬─────────────────┬─────────┤
│19.│Лицензиянын/уруксат берүүчү │N │Мамлекеттик жөнгө│ Ооба/жок│
│ │документтин түрү же түрчөсү │ │салуунун формасы │ │
│ │мамлекеттик жөнгө салуунун башка ├──┼─────────────────┼─────────┤
│ │түрлөрүнө туура келеби? │1.│Лицензиялоо │ │
│ │ ├──┼─────────────────┼─────────┤
│ │ │2.│Сертификациялоо │ │
│ │ ├──┼─────────────────┼─────────┤
│ │ │3.│Аккредитациялоо │ │
│ │ ├──┼─────────────────┼─────────┤
│ │ │4.│Аттестациялоо │ │
│ │ ├──┼─────────────────┼─────────┤
│ │ │5.│Мамлекеттик │ │
│ │ │ │контролдоо жана │ │
│ │ │ │көзөмөл │ │
│ │ ├──┼─────────────────┼─────────┤
│ │ │6.│Башка формалар │ │
│ │ │ │Көрсөтүңүз. │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──┴─────────────────┼─────────┤
│20.│Мамлекеттик жөнгө салууга │1-альтернатива: │ │
│ │(лицензиянын/уруксат берүүчү ├────────────────────┼─────────┤
│ │документтин колдонулушуна) эки │2-альтернатива: │ │
│ │альтернатива келтириңиз. │ │ │
├───┼──────────────────────────────────┼────────────────────┴─────────┤
│21.│Акыркы жыл үчүн │ │
│ │лицензиянын/уруксат берүүчү │ │
│ │документтин ушул │ │
│ │түрүнүн/түрчөсүнүн канчасы │ │
│ │берилген? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│22.│2008-жылы лицензиянын/уруксат │ │
│ │берүүчү документтин талаптарына │ │
│ │ылайык келүүсүнө канча текшерүү │ │
│ │өткөрүлгөн? │ │
├───┼──────────────────────────────────┼──────────────────────────────┤
│23.│2007-жылы лицензиянын/уруксат │ │
│ │берүүчү документтин талаптарына │ │
│ │ылайык келүүсүнө канча текшерүү │ │
│ │өткөрүлгөн? │ │
└───┴──────────────────────────────────┴──────────────────────────────┘
(1) Уруксат берүүчү документтин ар бир түрчөсү үчүн өзүнчө форманы колдонуңуз. Түрчө деп жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү да түшүндүрүлөт.
Мамлекеттик ведомствонун жетекчиси _______________________________
(колу)
Жооптуу адам: ______________________________ ___________________
(жооптуу адамдын аты-жөнү) (колу)
Жооптуу адамдын байланыш телефону: