Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 56 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-апрели №209
"Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 20-июнундагы № 533-IV токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2.2.2-пункттун биринчи абзацында "республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен гана" деген сөздөр "мамлекеттик бюджеттин каражатынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.2.3-пункттун акыркы абзацы алып салынсын;
- 5.4-пункттун 1-пунктчасында "республикалык" деген сөз "мамлекеттик" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 9.7, 15.2, 19.5-пункттар жана 30.1-пункттун 21, 22, 23-пунктчалары күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |