Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-апрели № 224
"Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ)" ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга иш-чаралар планы жөнүндө
2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын ишке ашыруу боюнча 2009-жылга иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тышкы кыйынчылыктардан арылуу үчүн каржылоо механизмдери менен колдоого алынган 2008-2009-жылдарга Кыргыз Республикасынын экономикалык программасын (ЕСФ) ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылга тиркелген иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) бекитилсин.
2. Аталган Пландын иш-чараларын аткаруу боюнча жооптуу аткаруучулар болуп эсептелген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Иш-чаралар планын сөзсүз аткарууну камсыз кылышсын;
- жогоруда аталган Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты ай сайын, айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун;
- Иш-чаралар планын ишке ашырууда пайда болгон проблемалар жөнүндө өз убагында кабарлашсын жана аларды чечүү тууралуу тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпы маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
4. Иш-чаралар планын сапатсыз жана өз убагынан кечиктирип аткаргандыгы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
Премьер-министр Улуттук банкынын төрагасы | И.Чудинов М.Алапаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2009-жылдын 8-апрелиндеги № 224 токтому менен бекитилген |
┌──┬────────────────────────────────┬────────────┬────────────────────┐
│№ │ Иш-чаралардын мазмуну │ Ишке │Жооптуу аткаруучулар│
│ │ │ ашыруунун │ │
│ │ │ мөөнөтү │ │
│ │ │жана формасы│ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│ │Макроэкономикалык саясат │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│1 │ИДПнын реалдуу өсүшүн 2009-жылы │2009-жыл, │Экономсоодамин, │
│ │1%тен төмөн эмес камсыз кылуу │практикалык │министрликтер, │
│ │ │иш-аракеттер│мамкомитеттер, │
│ │ │ │административдик │
│ │ │ │ведомстволор, │
│ │ │ │жергиликтүү │
│ │ │ │мамлекеттик │
│ │ │ │администрациялар, │
│ │ │ │жергиликтүү өз │
│ │ │ │алдынча башкаруу │
│ │ │ │органдары │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│2 │Инфляциянын темпин 2009-жылы │2009-жыл, │Улуттук банк, │
│ │15%тен төмөн деңгээлде кармоону │практикалык │Экономсоодамин, │
│ │камсыз кылуу │иш-аракеттер│Финмин │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│ │Бюджеттик-салык саясаты │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│3 │Мамлекеттик башкаруу секторунун │2009-жыл, │Финмин, Соцфонд │
│ │жалпы дефицитин 2009-жылы │практикалык │(макулдашуу боюнча) │
│ │1,7%тен жогору эмес камсыз кылуу│иш-аракеттер│ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│4 │Салык-бюджет чөйрөсүндөгү │2009-жыл, │Финмин, Соцфонд │
│ │иштердин абалын кыйла так талдоо│практикалык │(макулдашуу боюнча) │
│ │үчүн мамлекеттик бюджеттин жана │иш-аракеттер│ │
│ │Социалдык фонддун бириктирген │ │ │
│ │берүүсүн Жогорку Кеңешке │ │ │
│ │жиберилүүчү республикалык │ │ │
│ │бюджеттин долбооруна киргизүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│5 │2008-2009-жылдарга Кыргыз │2009-жыл, │Салыкмамком, │
│ │Республикасынын экономикалык │практикалык │Мамбажыком, Финмин │
│ │программасынын 1-таблицасына │иш-аракеттер│ │
│ │ылайык мамлекеттик бюджетке │ │ │
│ │салыктардын жыйымынын сандык │ │ │
│ │көрсөткүчүн акчалай формада │ │ │
│ │камсыз кылуу (болжолдуу │ │ │
│ │көрсөткүч) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│6 │Пландалган финансылык │Дайыма, │Финмин, Улуттук банк│
│ │операциялар боюнча маалыматты │Финминдин │ │
│ │Финмин менен КР Улуттук банкынын│жана Улуттук│ │
│ │ортосунда эки жумада бир жолудан│банктын │ │
│ │кем эмес алмашуусун жана │кеңешмелери │ │
│ │мамлекеттик бюджеттин │ │ │
│ │чыгашаларынын жана кирешелеринин│ │ │
│ │божомолдорун жана баалуу │ │ │
│ │кагаздарды чыгаруунун пландарын │ │ │
│ │кошкондо, аларды талкуулоону │ │ │
│ │камсыз кылуу (контролдук │ │ │
│ │көрсөткүч) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│7 │Мамлекеттик каражаттарды "КР │Дайыма, │Финмин, │
│ │Өнүктүрүү фонду" ЖАКына жана │практикалык │"КР Өнүктүрүү фонду"│
│ │Кыргыз-Казакстан инвестициялык │иш-аракет- │ЖАК (макулдашуу │
│ │фондуна берүүнү мамлекеттик │тер, │боюнча) │
│ │бюджетте чагылдыруу (Кыргыз │контролдоо │ │
│ │Республикасынын Президентинин │ │ │
│ │жана Казакстан Республикасынын │ │ │
│ │Президентинин 2008-жылдын │ │ │
│ │17-апрелиндеги биргелешкен │ │ │
│ │билдирүүсүнүн 13-пункту). │ │ │
│ │ │ │ │
│ │"КР Өнүктүрүү фонду" жабык │ │ │
│ │акционердик коомунун камсыз │ │ │
│ │кылынбаган карыздарды алууну │ │ │
│ │жана кепилдиктерди берүүнү │ │ │
│ │"Кыргыз Республикасынын │ │ │
│ │мамлекеттик жана мамлекеттик │ │ │
│ │эмес карызы жөнүндө" Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Мыйзамынын │ │ │
│ │жоболоруна ылайык токтотушу │ │ │
│ │(контролдук көрсөткүч) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│8 │Казыналык операцияларды │2009-жылдын │Финмин │
│ │өркүндөтүү жана бюджеттин │II кварталы,│ │
│ │аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту│Финминдин │ │
│ │жакшыртуу │буйругу │ │
│ │ │ │ │
│ │Колдонуудагы нормативдик укуктук│2009-жылдын │Финмин │
│ │актыларга ылайык келтирүү │июну │ │
│ │максатында Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын 1994-жылдын │ │ │
│ │28-майындагы № 1553-XII "Кыргыз │ │ │
│ │Республикасынын Казыналыгынын │ │ │
│ │негизги жоболору жөнүндө" │ │ │
│ │Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана │ │ │
│ │толуктоолорду киргизүү тууралуу │ │ │
│ │мыйзам долбоорун иштеп чыгуу │ │ │
│ │ │ │ │
│ │Бюджеттик мекемелерде эл аралык │2009-жылдын │Финмин, │
│ │стандарттарга (СГФ 2001) ылайык │1-январынан │министрликтер, │
│ │эсептөөлөрдүн жаңы планын │баштап, │мамкомитеттер, │
│ │киргизүү │Финминдин │административдик │
│ │ │2008-жылдын │ведомстволор жана │
│ │ │24-ноябрын- │бюджеттик башка │
│ │ │дагы № 192-Б│мекемелер │
│ │ │буйругу │ │
│ │ │менен │ │
│ │ │бекитилип, │ │
│ │ │Юстминде │ │
│ │ │2008-жылдын │ │
│ │ │23-декабрын-│ │
│ │ │да № 263 │ │
│ │ │катталган │ │
│ │ │Бухгалтердик│ │
│ │ │эсеп боюнча │ │
│ │ │жобону ишке │ │
│ │ │ашыруу │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│ │Акча-кредит саясаты │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│9 │Эл аралык таза резервдер жана │2009-жыл, │Улуттук банк, Финмин│
│ │Улуттук банктын таза ички │Улуттук │ │
│ │активдери боюнча сандык │банктын │ │
│ │көрсөткүчтөрдүн аткарылышын │жана │ │
│ │камсыз кылуу (2008-2009-жылдарга│Финминдин │ │
│ │Кыргыз Республикасынын │макулда- │ │
│ │экономикалык программасынын │шылган │ │
│ │1-таблицасына ылайык) сандык │иш-аракет- │ │
│ │көрсөткүчтөр) │тери │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│10│2008-2009-жылдарга Кыргыз │Дайыма, │Улуттук банк │
│ │Республикасынын экономикалык │ачык рынокто│ │
│ │программасынын 1-таблицасына │операция- │ │
│ │ылайык акча базасын белгиленген │ларды │ │
│ │деңгээлде кармап турууга өбөлгө │өткөрүү жана│ │
│ │түзүү (болжолдуу көрсөткүч) │валюталык │ │
│ │ │интервенция-│ │
│ │ │лар │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│11│Алмашуу курсунун сезондук │2009-жыл, │Улуттук банк │
│ │өзгөрүүлөрүн жымсалдоо жана │валюталык │ │
│ │валюталык алып-сатуулардын алдын│интервенция-│ │
│ │алуу максатында валюталык │лар (чет │ │
│ │рынокто операцияларды жүргүзүү │элдик │ │
│ │ │валюталарды │ │
│ │ │сатып алуу │ │
│ │ │жана сатуу) │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│12│Мамлекеттик баалуу кагаздарды │2009-жылдын │Финмин, Финансы │
│ │жайгаштыруу үчүн тооруктарды │мартынын │рыногун көзөмөлдөө │
│ │уюштуруучуну тандоого катыша │аягы, │жана жөнгө салуу │
│ │турган соода аянттарынын │Финминдин, │кызматы, Улуттук бан│
│ │жашырындуулук талаптарына ылайык│Финансы │ │
│ │келүүсүн, ачык-айкындыгын жана │рыногун │ │
│ │эл аралык практикадагы │көзөмөлдөө │ │
│ │оптималдуулугун ЭВФтин катышуусу│жана жөнгө │ │
│ │менен баалоону жүргүзүү │салуу │ │
│ │(контролдук көрсөткүч) │кызматынын, │ │
│ │ │Улуттук │ │
│ │ │банктын │ │
│ │ │жана ЭВФтин │ │
│ │ │биргелешкен │ │
│ │ │корутундусу │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│13│Улуттук банктын капиталын анын │2009-жылдын │Улуттук банк, Финмин│
│ │уставдык минимумунан кем эмес │декабрынын │ │
│ │деңгээлде кармоону камсыз кылуу │аягы, │ │
│ │(контролдук көрсөткүч) │Улуттук │ │
│ │ │банктын │ │
│ │ │кирешесинин │ │
│ │ │эсебинен │ │
│ │ │капиталды │ │
│ │ │көбөйтүү │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│14│Мамлекеттик баалуу кагаздар │2009-жылдын │Финмин │
│ │рыногун өнүктүрүү маселелерин │II кварталы,│ │
│ │камтыган, аны кеңейтүүгө жана │Кыргыз │ │
│ │анын өтүмдүүлүгүн көбөйтүүгө │Республи- │ │
│ │багытталган Мамлекеттик карызды │касынын │ │
│ │башкаруу стратегиясын иштеп │Өкмөтүнүн │ │
│ │чыгуу │токтом │ │
│ │ │долбоору │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│15│Эмгек акы төлөө фондунун өсүшүн │2009-жыл, │Мамкызматагенттиги │
│ │андан ары ооздуктоо максатында │Кыргыз │(макулдашуу боюнча),│
│ │мамлекеттик кызматты реформалоо,│Республика- │Финмин, тиешелүү │
│ │тактап айтканда эмгек акы төлөө │сынын │министрликтер жана │
│ │жаатындагы саясатты (бюджеттик │Өкмөтүнүн │ведомстволор │
│ │чөйрөнүн бардык кызматкерлерине │токтом │ │
│ │карата) өркүндөтүү жана эмгек │долбоору │ │
│ │акыны төлөө боюнча │ │ │
│ │борбордоштурулган маалымат │ │ │
│ │базасын түзүүнү караган │ │ │
│ │программаны иштеп чыгуу │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│16│Банктык тобокелдиктерди │2009-2010- │Улуттук банк │
│ │баалоонун методологиясын жана │жылдар, │ │
│ │практикасын, баштапкы алдын алуу│нормативдик │ │
│ │системасын өркүндөтүүнү │укуктук │ │
│ │кошкондо, тобокелдикке │актылардын │ │
│ │багытталган көзөмөлдүн │долбоорлору,│ │
│ │элементтерин киргизүү, │практикага │ │
│ │бириктирилген көзөмөл системасын│киргизүү, │ │
│ │калыптандыруу жана Улуттук │киргизүүнүн │ │
│ │банкта өздүк көзөмөл │натыйжаларын│ │
│ │муктаждыктары үчүн кредиттик │баалоо жана │ │
│ │каттоону түзүү боюнча өркүндөтүү│талдоо │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│17│2010-жылдын аягынан баштап │2010-жылдын │Улуттук банк, │
│ │коммерциялык банктардын өздүк │аягы, │коммерциялык банктар│
│ │капиталын 200 млн. сомго │Улуттук │(макулдашуу боюнча) │
│ │көбөйтүү │банктын │ │
│ │ │Башкарма- │ │
│ │ │сынын │ │
│ │ │токтому │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│18│Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн│2009-жылдын │Финмин, Депозиттерди│
│ │төгүмдөрүн Депозитти коргоо │биринчи │коргоо боюнча │
│ │фондуна киргизүү │жарым │агенттик (макулдашуу│
│ │ │жылдыгы │боюнча) │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│19│Аманаттарды милдеттүү │2009-жыл │Депозиттерди коргоо │
│ │камсыздандыруу системасын │ │боюнча агенттик │
│ │колдонууга киргизүүнү камсыз │ │(макулдашуу боюнча),│
│ │кылуу │ │Улуттук банк │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│20│Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү │2009-жыл, │Улуттук банк │
│ │керектөөчүлөрдүн укуктарын │аталган │ │
│ │коргоого жана банктык кызмат │талаптардын │ │
│ │көрсөтүүлөр үчүн акынын жана │аткарылышына│ │
│ │комиссиялык акынын өлчөмдөрү │көзөмөл │ │
│ │жөнүндө маалыматты таратууда │жүргүзүү │ │
│ │банктардын рыноктук тартипти │ │ │
│ │сактоосун камсыздоого │ │ │
│ │багытталган чараларды көрүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│21│1. "Түздөн түз дебеттөө" төлөм │2009-2010- │Улуттук банк, │
│ │инструментин киргизүү жана │жылдар, │коммерциялык банктар│
│ │колдонууну жайылтуу │практикалык │(макулдашуу боюнча) │
│ │2. Республиканын бардык аймагы │иш-аракет- │ │
│ │боюнча банкоматтык жана │тер, │ │
│ │терминалдык тармакты кеңейтүү │нормативдик │ │
│ │3. Мамлекеттик баалуу │укуктук │ │
│ │кагаздардын соода аянтынын │актылардын │ │
│ │операторун Улуттук банктын ири │долбоорлору │ │
│ │төлөмдөр системасы менен │ │ │
│ │интеграциялоо │ │ │
│ │4. Төлөм системаларынын │ │ │
│ │иштөөсүнүн натыйжалуулугун │ │ │
│ │жакшыртуу боюнча нормативдик │ │ │
│ │базаны иштеп чыгуу │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│22│Улуттук банктын автоматташтырыл-│2009-2010- │Улуттук банк, │
│ │ган соода системаларын сатып │жылдар, │коммерциялык банктар│
│ │алуу боюнча долбоорду киргизүү │Улуттук │(макулдашуу боюнча) │
│ │иштерин улантуу │банкта соода│ │
│ │ │системасын │ │
│ │ │киргизүү │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│ │Мамлекеттик карызды башкаруу │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│23│Экономикалык өсүшкө жана │Дайыма, │Финмин │
│ │жакырчылыкты азайтууга өбөлгө │контролдоо │ │
│ │түзө турган абдан артыкчылыктуу │ │ │
│ │программаларга жана долбоорлорго│ │ │
│ │гана тышкы карыздарды Минфин │ │ │
│ │тарабынан тартуу. Зайымдардын │ │ │
│ │жеңилдетилишинин минималдуу │ │ │
│ │деңгээли 35% болгон мамлекеттик │ │ │
│ │тышкы жаңы карыздарды тартууну │ │ │
│ │жана кепилдик берүүнү жүргүзүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│24│Карызды жабуу мөөнөтү бир жылдан│Дайына, │Финмин, Улуттук банк│
│ │аз болгон жеңилдетилбеген тышкы │контролдоо │ │
│ │жаңы зайымдарды тартууну же │ │ │
│ │Өкмөт, Улуттук банк, же өкмөттүн│ │ │
│ │атынан иштеген башка │ │ │
│ │ведомстволор тарабынан кепилдик │ │ │
│ │берүүнү токтотуу (туруктуу │ │ │
│ │лимит, млн. АКШ доллары) │ │ │
│ │(сандык көрсөткүч) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│25│Карызды жабуу мөөнөтү 1 же андан│Дайыма, │Финмин, Улуттук банк│
│ │көп жылды түзгөн жеңилдетилбеген│контролдоо │ │
│ │тышкы жаңы зайымдарды тартууну │ │ │
│ │же Өкмөт, Улуттук банк, же │ │ │
│ │өкмөттүн атынан иштеген башка │ │ │
│ │ведомстволор тарабынан кепилдик │ │ │
│ │берүүнү токтотуу (туруктуу │ │ │
│ │лимит, млн. АКШ доллары) │ │ │
│ │(сандык көрсөткүч) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│26│Мөөнөтү өтүп кеткен тышкы жаңы │Дайыма, │Финмин, Улуттук банк│
│ │карызга жол бербөө (туруктуу │контролдоо │ │
│ │лимит, млн. АКШ доллары) │ │ │
│ │(сандык көрсөткүч) │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│ │Ишкердикти өнүктүрүү жана │ │ │
│ │инвестицияларды тартуу │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│27│Салыктык тескөөнү салык │2009-жыл, │Салыкмамком, │
│ │төлөмдөрүн механизмин │нормативдик │Экономсоодамин │
│ │рационалдаштыруу жана │укуктук │ │
│ │коррупцияны ылдыйлатуу │актылардын │ │
│ │кызыкчылыгында бекемдөө. │долбоорлору,│ │
│ │Декларацияларды электрондук │практикалык │ │
│ │түрдө берүү системасын киргизүү │иш-аракеттер│ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│28│Көмүскө экономиканы │2009-жылдын │Экономсоодамин, │
│ │мыйзамдаштыруу жана ак ниет │II кварталы,│министрликтер, │
│ │атаандаштыкты колдоо боюнча │Кыргыз │мамкомитеттер, │
│ │иш-чаралардын планын иштеп чыгуу│Республика- │административдик │
│ │ │сынын │ведомстволор │
│ │ │Өкмөтүнүн │ │
│ │ │токтом │ │
│ │ │долбоору │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│29│Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу │2009-жыл │Өнөржайэнермин │
│ │долбоорунун техникалык-экономи- │ │ │
│ │калык негиздемесин даярдоо │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│30│Либералдуу тышкы соода жана │2009-жыл, │Экономсоодамин, │
│ │валюталык режимди сактоо, │практикалык │Мамбажыком, │
│ │2007-жылдын аягы - 2008-жылдын │иш-аракет- │Өнөржайэнермин, │
│ │башында киргизилген экспорттук │тер, │Айылсуучарбамин, │
│ │алымдарды бара-бара алып салуу │Өкмөттүн │Улуттук банк │
│ │ │токтом │ │
│ │ │долбоору │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│ │Менчиктештирүү │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│31│"Айыл Банк"ААКын сатуу үчүн │2009-жылдын │Маммүлкком, │
│ │тендерди баштоо │декабры │Улуттук банк, │
│ │ │ │"Айыл Банк" ААК │
│ │ │ │(макулдашуу боюнча) │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│ │Социалдык саясат │ │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│32│Ай сайын төлөнүүчү бирдиктүү │2009-2010- │Эмгексоцмин, Финмин │
│ │жөлөкпулду (АБЖ) дайындоодо │жылдар, │ │
│ │муктаждыктын деңгээлин │нормативдик │ │
│ │аныктоонун методикасын │укуктук │ │
│ │өркүндөтүү │актыларга │ │
│ │ │өзгөртүү- │ │
│ │ │лөрдү │ │
│ │ │киргизүү │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│33│2010-жылдын 1-январынан баштап │2009-жыл, │Соцфонд (макулдашуу │
│ │жумуш берүүчүдөн жумушчу үчүн │Кыргыз │боюнча), │
│ │Соцфондго чегерүүлөрдү кайрадан │Республика- │Эмгексоцмин, Финмин,│
│ │бөлүштүрүүнү жана чегерүүлөрдүн │сынын │Финансы рыногун │
│ │бөлүштүрүлгөн бөлүгүн топтомо │2004-жылдын │көзөмөлдөө жана │
│ │пенсиялык системага жөнөтүүнү │24-январын- │жөнгө салуу кызматы │
│ │караган мыйзам долбоорун иштеп │дагы № 8 │ │
│ │чыгуу жана кабыл алуу │"Мамлекеттик│ │
│ │ │социалдык │ │
│ │ │камсыздан- │ │
│ │ │дыруу боюнча│ │
│ │ │камсыздан- │ │
│ │ │дыруу │ │
│ │ │төгүмдөрүнүн│ │
│ │ │тарифтери │ │
│ │ │жөнүндө" │ │
│ │ │Мыйзамына │ │
│ │ │өзгөртүү- │ │
│ │ │лөрдү │ │
│ │ │киргизүү │ │
├──┼────────────────────────────────┼────────────┼────────────────────┤
│34│2010-жылдын 1-январынан баштап │2009-жыл, │Соцфонд (макулдашуу │
│ │Кыргыз Республикасынын пенсиялык│мыйзам │боюнча), │
│ │системасына топтомо бөлүктү │долбоорлорун│Эмгексоцмин, Финмин,│
│ │киргизүү │иштеп чыгуу │Финансы рыногун │
│ │ │жана кабыл │көзөмөлдөө жана │
│ │ │алуу │жөнгө салуу кызматы │
└──┴────────────────────────────────┴────────────┴────────────────────┘
Эмгексоцмин - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги.
Финмин - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги.
Өнөржайэнермин - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги.
Айылсуучарбамин - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги.
Экономсоодамин - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги.
Салыкмамком - Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети.
Мамбажыком - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети.
Маммүлкком - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети.
Мамкызматагенттиги - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги.
Улуттук банк - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы.
Соцфонд - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
ЭВФ - Эл аралык валюта фонду.