Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-апрели № 237
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8. Департаментти Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.".
Премьер-министр | И.Чудинов |