Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2020-жылдын 28-декабры № 2020-П-33/75-4-(НФКУ)
"Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. "Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 "Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууга укугу жок микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү боюнча жалпы принциптер жөнүндө" жобо тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 10/6 "Кредиттик союздарда жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда кредиттерди классификациялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 16/3 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 42/8 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү жана бешинчи абзацтары;
- тиркемесинин 2 жана 3-пунктулары;
6) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү жана бешинчи абзацтары;
- тиркемесинин 2 жана 3-пунктулары;
7) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/16 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун бешинчи абзацы;
- тиркемесинин 4-пункту;
8) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи, бешинчи жана сегизинчи абзацтары;
- тиркемесинин 1, 4 жана 7-пунктулары;
9) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун:
- 1-пунктунун үчүнчү, төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары;
- тиркемесинин 2, 3, 4 жана 5-пунктулары;
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун тогузунчу жана онунчу абзацтары;
- тиркемесинин 8 жана 9-пунктулары;
11) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) "Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун он сегизинчи жана отуз биринчи пунктчалары;
- тиркемесинин 18 жана 31-пунктулары;
12) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары;
- тиркемесинин 1, 2, 3 жана 4-пунктулары;
13) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-3-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун төртүнчү абзацы;
- тиркемесинин 3-пункту;
14) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун:
- 1-пунктунун экинчи, төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтары;
- тиркемесинин 1, 3, 4 жана 5-пунктулары.
3. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом расмий жарыялангандан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКты, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, "Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин, "Кыргыз Республикасынын кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |