Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 8-майындагы № 281
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдардагы мезгилге карата программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-февралындагы № 98 «ЫсыкКөл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү Концепциясы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү концепциясынын жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдардагы мезгилге карата тиркелген программасы бекитилсин.
2. Жооптуу аткаруучулар болуп аныкталган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы Программанын кынтыксыз аткарылышын камсыздашсын.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жыл сайын, 10-январдан кечиктирбестен Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке аткарылган иштер жөнүндө отчет беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:
- Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык алынган маалыматтын жалпыланышын камсыздап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын заседаниесинде карап жана бекитүү, андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүү үчүн белгиленген тартипте отчет даярдасын.
- Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы, министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен бирдикте ар бир кийинки үч жылда «Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки мезгилге карата үч жылдык программаларын иштеп чыгууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берүүнү белгиленген тартипте камсыздасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-майындагы №231 токтому менен бекитилген |
«Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүүнүн 2009-2011-жылдардагы мезгилге карата программасы
№ | Иш-чаралар | Каржылоо көлөмү, миң сом | ||
Керектөө | Мүмкүндүк | Финансылык ажырым | ||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Айлана-чөйрөнүн сапатын камсыздоо | ||||
1 | Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларынын жаратылышты коргоочу жана инженердик инфраструктураларын модернизациялоо (ТЭН иштеп чыгуу менен кошо) | 1095000,0 | 1095000,0 |
|
2 | Облустун аймагында таштанды төкчү жерлерди рекультивациялоо жана катуу таштандыларды утилдештирүү | 2700,0 | 2700,0 |
|
3 | Тазалоочу курулмалардын компакттуу түзүлүштөрүн жасоону көбөйтүү | 5000,0 | 5000,0 |
|
4 | Ысык-Көлдө балыктын эндемикалык түрлөрүнүн санын калыбына келтирүү үчүн база түзүү | 50000,0 | 50000,0 |
|
5 | Ысык-Көл облусунун токой чарбалары үчүн көчөт материалдарды өстүрүүчү питомниктерди түзүү | 1950,0 | 1950,0 |
|
6 | Токой тигүү жумуштарын уюштуруу | 1200,0 | 1200,0 |
|
7 | Жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары аткарылышына мамлекеттик контролду ишке ашыруу | - | - | - |
| Бардыгы | 1155850,0 | 1155850,0 | - |
Айыл чарбасын өнүктүрүү | ||||
8 | Облустагы фермерлерди, дыйкан чарбаларды жана айыл чарбалык кооперативдерди буурчак сымал өсүмдүктөрдүн жогорку түшүмдүү үрөндөрү менен камсыздоо | 11426,0 | 10000,0 | 1426,0 |
9 | Фермерлерди, дыйкан чарбаларды, айыл чарбалык кооперативдерди айыл чарбалык техника, айыл чарбалык машиналар менен лизингдик негизде камсыздоого көмөк көрсөтүү (200 трактор, 20 эгин оруучу комбайн) | 88000,0 | 88000,0 |
|
10 | Казакстан Республикасы менен чек арада дүң база түзүү | 3000,0 | 3000,0 |
|
11 | Чолпон-Ата шаарында тазалоочу түзүлүштөрдөн саркынды сууларды чыгаруу үчүн насостук станция куруу | 12000,0 | 12000,0 |
|
12 | Бостери айылында СЖСБ (суткалык жөнгө салуучу бассейн) реабилитациялап, бак тигүү | 1000,0 | 1000,0 |
|
13 | Аксай айылында СЖСБ курулушун бүткөрүү | 10000,0 | 10000,0 |
|
14 | Төрткүл каналын тазалоо | 10000,0 | 10000,0 |
|
15 | Кара-Булуң капчыгайында жерлерди кеңейтүү | 20000,0 | 20000,0 |
|
| Бардыгы | 155426,0 | 154000,0 | 1426,0 |
Туризмди өнүктүрүү | ||||
16 | Каракол шаарында маданий-тарыхый мурас объекттерди сактоо | 15000,0 | 15000,0 |
|
17 | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жана Кыргызстан профсоюздар федерациясына таандык санаторийлердин жыл бою иштешин камсыздоо |
|
|
|
18 | Чолпон-Ата, Балыкчы, Каракол шаарларынын ден соолукту чыңдоочу жайларында авариялык-куткаруучу кызматтардын жана пляждарда, айрыкча шаардык жана айылдык пляждарда дааратканалардын болушун камсыздоо |
|
|
|
19 | Термалдык жана минералдык суулардын булактарын жана баткактарды пайдалануучу курорттук-ден соолукту чыңдоочу жаңы мекемелерди (курортторду) ачуунун жана эскилерин реабилитациялоонун мамлекеттик программасын иштеп чыгуу |
|
|
|
20 | Балдардын ден соолукту чыңдоочу борборлорун өнүктүрүү жана балдардын ден соолукту жакшыртуучу туризмин өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу |
|
|
|
21 | Тематикалык жана экологиялык туристтик маршруттарды иштеп чыгуу (ыйык жана касиеттүү жерлер, Улуу Жибек жолу ж.б. боюнча минералогиялык, ботаникалык, этнографиялык жана башка) |
|
|
|
22 | Эл аралык деңгээлдеги илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий симпозиумдарды жана конференцияларды өткөрүү үчүн «Илимдер академиясы» эс алуу үйүнүн аймагында Академшаарча («интеллектуалдык экожурт») куруу боюнча долбоорду иштеп чыгуу |
|
|
|
23 | Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу, дүйнөлүк стандарттарга туура келген жол белгилерин орнотуу |
|
|
|
24 | «Тамчы» аэропортунун курулушун бүтүрүү үчүн инвестор издөө |
|
|
|
25 | Ысык-Көлдү айланта темир жол куруу мүмкүндүгүн жана зарылдыгын изилдөө |
|
|
|
26 | Була-оптика байланыш линиясын куруу | 89000,0 | 89000,0 |
|
27 | Телефону жок айылдарды телефондоштуруу | 36900,0 | 36900,0 |
|
28 | Цифралык келечек | 36000,0 | 360000,0 |
|
29 | Ысык-Көл регионунда телефондук байланыштын кайсы операторунан болсо да бирдей телефон номерге акысыз чыгуучу сутка бою иштечү диспетчердик кызмат уюштуруу |
|
|
|
30 | Бардык калктуу конуштар жана ден соолукту чыңдоочу жайлар үчүн телерадио коммуникациялардын бирдей системасын киргизүү мүмкүндүгүн изилдөө |
|
|
|
| Бардыгы | 786900,0 | 786900,0 | - |
Энергия менен камсыздоо | ||||
31 | Поселоктук типтеги биогаз түзүлүштөрдү куруу |
|
|
|
32 | Геотермалдык энергия булактарын пайдалануу боюнча техникалык-экономикалык негиздеме иштеп чыгуу |
|
|
|
Институттук системанын мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу | ||||
33 | Жаратылышты пайдалануу боюнча колдо болгон нормативдик укуктук базаны инвентаризация- лоо жана аны биосфералык аймактарга карата колдонулчу эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү |
|
|
|
34 | Экономикалык иштин жаратылыш ресурстарын пайдаланууга байланышкан тыюу салынган түрлөрүн регламенттөө |
|
|
|
35 | Жаратылышты пайдалануунун ресурстарды үнөмдөөчү, инновациялык технологиялар, экологиялык жактан негизделген агротехника жана материалдар өнүгүшүнө өбөлгө болуучу экономикалык механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү |
|
|
|
36 | Облустун туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү максатында ОМА, РМА, ЖӨБ, аткаруу бийлигинин аймактык органдарын функциялык талдоонун негизинде институттук потенциалды жогорулатуу |
|
|
|
37 | Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына карата коюлчу архитектуралык, санитардык-эпидемиологиялык, экологиялык талаптарды эске алуу менен Биосфералык аймакты зоналарга бөлүштүрүүнүн негизинде Ысык-Көл облусун пландаштыруунун долбоорун иштеп чыгуу |
|
|
|
| Жыйынтыгы | 2099376,0 | 2096950,0 | 1426,0 |
Каржылоо булактары | Ишке ашыруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар | Күтүлгөн натыйжалар |
6 | 7 | 8 | 9 |
| |||
АБРдин долбоору | 2009-2011-жыл- дар | Ысык-Көл ОМА, РМА, Каракол жана Балыкчы шш. мэриялары, айылдык округдар, АБР (макулдашуу боюнча) | Айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу, Ысык-көлдү сактоо |
Ысык-Көл-Нарын Региондор аралык ЖКжТТӨЖФ | 2009-2011-жыл- дар | Каракол жана Балыкчы шш. мэриялары, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң РМА (макулдашуу боюнча) | Айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу |
Жеке инвестициялар | 2009-жыл | «Ак-Кеме» АК (макулдашуу боюнча) | Айлана-чөйрөнүн сапатын жогорулатуу |
ГЭФ/ ПРООН долбоору | 2009-2011-жыл- дар | «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын» башкы дирекциясы (БАБД), БКИ жана ТИ (макулдашуу боюнча) | Ысык-Көлдүн ихтофаунасынын бузулушун болтурбоо |
ЖКжТТӨРФ каражатынан кошо каржылоо, Ысык-Көл-Нарын региондор аралык ЖКжТТӨЖФ, токой чарбалар | 2009-2001-жыл- дар | Ысык-Көл облусунун токой чарбалары, КРУИА Биология-кыртыш изилдөө институту (макулдашуу боюнча) | Айлана-чөйрөнүн сапатын жогорулатуу |
ЖКжТТӨРФ каражатынан кошо каржылоо, Ысык-Көл-Нарын региондор аралык ЖКжТТӨЖФ, токой чарбалар | 009-2011-жыл- ар | Ысык-Көл облусунун токой чарбалары, БКИ жана ТИ (макулдашуу боюнча) | Айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу |
| Дайыма | Токой чарба агенттиги, ОМА, РМА | Айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртуу |
| |||
| |||
КР Өкмөтүнүн линиясы боюнча кредит, ОМА | 2009-2011-жылдар | Ысык-Көл ОМА, РМА, айылдык округдар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалары (макулдашуу боюнча) | Түшүмдүн дүң жыйымын көбөйтүү |
КР Өкмөтүнүн линиясы боюнча кредит | 2009-2011-жылдар | Ысык-Көл ОМА, РМА, айылдык округдар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалары (макулдашуу боюнча) | Айыл чарбалык техниканын паркын жаңыртуу, жер иштетүүнү жакшыртуу |
Жеке инвестициялар | 2009-2011-жыл- дар | Ысык-Көл ОМА, Түп РМА (макулдашуу боюнча) | Айыл чарбалык продукциянын экспортун көбөйтүү |
Тийиштүү жылга карата бекитилген республикалык бюджеттин чегинде | 2009-2010-жыл- дар | Ысык-Көл РМА, суу чарбасынын облустук суу чарба (макулдашуу боюнча) | 130 га жаңы сугат жерди пайдаланууга киргизүү, көлдүн саркынды суулар менен булгануу проблемасын чечүү |
Жергиликтүү бюджеттин чегинде (иштетилгени - 1500,0) | 2009-жыл | Ысык-Көл РМА, облустук суу чарба (макулдашуу боюнча) | Бостери айыл округунда жердин суу менен камсыздыгын арттыруу |
Инвестор издөө | 2010-2011-жыл- дар | Тоң РМА, облустук суу чарба (макулдашуу боюнча) | Мамбетов, Күн-Чыгыш айыл округдарында 600 га сугат жерлердин суу менен камсыздыгын арттыруу, 100 га жаңы сугат жерди пайдаланууга киргизүү |
Тийиштүү жылга карата бекитилген республикалык бюджеттин чегинде (иштетилгени - 2700,0), инвестор издөө | 2010-2011-жыл- дар | Тоң РМА, облустук суу чарба (макулдашуу боюнча) | 1,7 миң га жерде суу менен камсыздыкты арттыруу |
Тийиштүү жылга карата бекитилген республикалык бюджеттин чегинде, инвестор издөө | 2010-2011-жыл- дар | Жети-Өгүз РМА, облустук суу чарба (макулдашуу боюнча) | 770 га жаңы сугат жерлерди пайдаланууга киргизүү, 700 га жерде суу менен камсыздыкты арттыруу |
| |||
| |||
Инвестор издөө, Урбан институттун каражаты | 2009-2011-жыл- дар | Каракол ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | Маданий-тарыхый мурастын объекттери жок болушу токтойт. Жаңы иш орундарды ачуу (20) |
Иш башкарманын, Профсоюздар федерациясынын, облустагы курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелердин бюджеттеринде каралган каражаттар | 2009-2011-жыл- дар | КР Президентинин Иш башкармасы, Кыргызстандын Профсоюздар федерациясы | Туризмдик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү |
ӨКМнын бюджетинде каралган каражаттын чегинде, Ысык-Көл облусунун курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелеринин каражаттары | 2009-2011-жыл- дар | ӨКМ, Ысык-Көл ОМА, курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер, айылдык округдар, Каракол, Балыкчы шш. мэриялары | Туристтердин коопсуздугун камсыздоо |
Тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджеттин чегинде жеке инвестициялар | 2010-2011-жыл- дар | ССМ, Туризм агенттиги, КР УИА, ЖОЖдор КР Профсоюздар федерациясы (макулдашуу боюнча) | Курорттук-ден соолукту чыңдоочу жана спа-туризмди өнүктүрүү |
Бюджет | 2010-2011-жыл- дар | Билиммин, ССМ, Мамспортком, Туризм агенттиги | Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо, балдардын туризмин өнүктүрүү |
БАБД, Ысык-Көл-Нарын региондор аралык ЖКжТТӨЖФ | 2010-2011-жыл- дар | БАБД, ОМА, Ысык-Көл РМА, Туризм агенттиги, туроператорлор (макулдашуу боюнча) | Туризмдин экологиялык түрлөрүн өнүктүрүү |
Жеке инвестициялар | 2010-2011-жыл- дар | УИА (макулдашуу боюнча), Архкурулуш | Эл аралык илимий байланыштарды өнүктүрүү |
Тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджеттин чегинде | Дайыма | Ысык-Көл ОМА (макулдашуу боюнча), ИИМ, Транскоммин | Калктын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо |
Жеке инвестициялар | 2009-2011-жыл- дар | Маммүлкком, Ысык-Көл ОМА (макулдашуу боюнча), Транскоммин | Туризмди өнүктүрүү |
Тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджеттин чегинде | 2009-2011-жылдар | Транскоммин, Ысык-Көл ОМА, «Кыргыз темир жолу» УК МИ (макулдашуу боюнча) | Айлана-чөйрөгө антропогендик күч келүүнү азайтуу, туризмди өнүктүрүү |
«Кыргызтелеком» АКнын Ысык-Көл филиалынын каражаты | 2009-2011-жылдар | «Кыргызтелеком» АКнын Ысык-Көл филиалы (макулдашуу боюнча) | Байланыш кызматынын сапатын жогорулатуу |
«Кыргызтелекомдун» Ысык-Көл филиалынын каражаты | 2009-2011-жылдар | «Кыргызтелеком» АКнын Ысык-Көл филиалы (макулдашуу боюнча) | Байланыш кызматынын сапатын жогорулатуу |
«Кыргызтелеком» АКнын Ысык-Көл филиалынын каражаты | 2009-2011-жылдар | «Кыргызтелеком» АКнын Ысык-Көл филиалы (макулдашуу боюнча) | Байланыш кызматынын сапатын жогорулатуу |
«Кыргызтелеком» АКнын Ысык-Көл филиалынын жана уюлдук тармактардын операторлорунун каражаттары | 2009-2011- жылдар | «Кыргызтелеком» АКнын Ысык-Көл филиалы, уюлдук телефондук байланыштын операторлору (макулдашуу боюнча) | Эс алуучулардын коопсуздугунун жана маалыматтык колдоонун деңгээлин жогорулатуу |
| 2009-2011-жылдар | Ысык-Көл ОМА (макулдашуу боюнча), Транскоммин, КТРК | Телерадио коммуникация системасына жеткилик- түүлүктү камсыздоо |
| |||
| |||
«Флюид» КФ, жеке инвестициялар, мамлекеттик колдоо (Инвестор издөө) | 2009-2011-жылдар | Айыл округдар, «Флюид» КФ, донорлук жамаат (макулдашуу боюнча) | Өздүк газ жана мотордук отун менен камсыздоо системасын өнүктүрүү |
Инвестор издөө | 2010-2011-жыл- дар | ОМА, Геология агенттиги, УИА, ССМ, ЦПИВИЭ (макулдашуу боюнча) | Жылуулук менен альтернативдүү камсыздоо системасын өнүктүрүү |
| |||
Тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджеттин чегинде, ПРООН/ГЭФ «Биологиялык түрлөрдү сактоо проблемасын балык тармагына киргизүү үчүн саясатты жана нормативдик укуктук структураны күчтөндүрүү» долбоору | 2009-2010-жылдар | Токой чарба агенттиги, Мамкаттоо, АЧМ, ОМА, ЖӨБ (макулдашуу боюнча) | Нормативдик укуктук база биосфералык аймактарга карата коюлчу эл аралык талаптарга ылайык келтирилген |
Тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджеттин чегинде | 2009-2010-жылдар | Токой чарба агенттиги Мамкаттоо, АЧМ, Мамгеология, ОМА, ЖӨБ (макулдашуу боюнча) | Экономикалык ишти биосфералык аймактарга коюлчу эл аралык талаптарга ылайык жөнгө салуу |
Тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджеттин чегинде | 2010-2011-жылдар | БКИИ жана ТИ (макулдашуу боюнча) | Экологиялык- экономикалык система туруктуу иштеши камсыздалат |
Тийиштүү жылга бекитилген республикалык бюджеттин чегинде, инвестор издөө | 2009-2011-жылдар | ОМА, Мамкызмат агенттиги, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, ЖӨБ (макулдашуу боюнча) | Башкаруу системасын өркүндөтүү |
Инвестор издөө | 2009-2011-жыл- дар | ОМА, Архкурулуш, Токой чарба агенттиги, БАБД, УИА (макулдашуу боюнча) | Ысык-Көл экологиялык- экономикалык системасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо |
| |||
Кабыл алынган кыскартуулар:
КРӨ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
АБР - Азия Өнүктүрүү банкы
ГЭФ/ПРООН - Глобалдык Экологиялык фонд/Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү
ОМА - облустук мамлекеттик администрация
РМА - райондук мамлекеттик администрациялар
ЖӨБ - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Токой чарба агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик
Мамкаттоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик
АЧМ - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү онөр жай министрлиги
Отунэнермин - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
Транскоммин - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ӨКМ - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги
Билиммин - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Маммүлкком - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети
Туризм агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик
Мамспортком - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик
Мамгеология - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик
Геология агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик
Архкурулуш - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик
БАБД - «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын башкы дирекциясы
СЖСБ - суткалык жөнгө салуучу бассейн
УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы
БКИ - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология-кыртыш институту
ТИ - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Токой институту
ЦПИВИЭ - Энергиянын кайра жаңылануучу булактарын пайдалануу проблемасы борбору
Облустук суу чарба - Суу чарба департаментинин облустук бассейн башкармасы
ЖКжТТӨРФ - Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду
Ысык-Көл-Нарын региондор аралык ЖКжТТӨЖФ - Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн Ысык-Көл-Нарын региондор аралык жергиликтүү фонду