Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 15-майы № 293
"Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактанууларын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дербишева Г.Т., Өмүркулов И.Ш., Султаналиева Г.Т., Абдуллаева Ч.Г. жана Ниязалиева Д.А. демилге кылышкан "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактанууларын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы № 293 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Дербишева Г.Т., Өмүркулов И.Ш., Султаналиева Г.Т., Абдуллаева Ч.Г. жана Ниязалиева Д.А. демилге кылышкан "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактанууларын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй сын-пикирлерин жана сунуштарын билдирет.
Милдеттүү билим алууга конституциялык укукту камсыздоо, окуу үчүн толук шарттарды түзүү жана республиканын бардык мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларын акысыз тамактандыруу түрүндө кошумча социалдык колдоо максаттарында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактанууларын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы сабактардын узактыгын эске алган, ал жумалык максималдуу жол берилүүчү жүктөмдүн 20дан 27ге чейинки саатын түзөт.
"Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" боюнча мамлекеттик стандартын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-январындагы № 17 токтому менен бекитилген "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды кароо" деген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык мектепке чейинки курактагы балдар үчүн жумалык окуу жүктөмү жумасына 12 саатты түзөт.
Статистикалык маалыматтарга ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин биринчи классына кабыл алынуучу балдардын орточо саны 2007-жылы - 96 миң, 2008-жылы 96,3 миң болгон.
Божомол боюнча биринчи класска кабыл алуу 2009-жылы 95-96 миң бала болот. Анын ичинен болжол менен 6-7 жаштагы 14 миң бала мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарына барууга мүмкүнчүлүктөрү бар, анда жыл сайын мектепке чейинки даярдыктан өтүшөт.
Өз кезегинде акыркы жылдары даярдоочу класстардын окуучуларынын саны 4,5 миңге жакын бала болууда.
Демек, даярдоо класстарына мектепке кирер алдындагы даярдыкка камтылбаган жана бала бакчаларга барышпаган тиешелүү жаштагы (6-7) балдардын саны болжол менен 77,5 миң бала болот. Ушул балдардын даярдоо класстарына баруу мүмкүнчүлүгүн эсепке алсак, тамактанууну уюштурууга жылына 81 млн. сомдон көбүрөөк талап кылынат.
Демек, мыйзам долбоорун кабыл алган учурда жыл сайын өлкөнүн бюджетин пландоодо даярдоо класстарында окуй ала турган бардык балдардын тамактанууларын уюштурууга талап кылынуучу сумманы табуу керек.
Кыргыз Республикасынын бюджетинин, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган үч жылдык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендиктерин эске алып, минималдык социалдык кепилдикти камсыздоо, республикалык бюджеттин эсебинен даярдоо класстарында мектепке чейинки курактагы балдардын акысыз тамактанууларын киргизүү мүмкүн эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактанууларын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.