Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-майы № 309
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясынын 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "(эсептик)" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл тексти боюнча "(эсептик)" деген сөздөр алып салынсын;
1-пункту "Юридикалык жактарды" деген сөздөрдөн кийин ", филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана "Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
7-пунктунда:
- экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тийиштүү чечим (буйрук) чыгарат;
- мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук чыгарылган учурда билдирүүнү электрондук форматта толтурат (тиркелген тиркемеге ылайык) жана аны маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен мамлекеттик статистиканын тийиштүү аймактык органына ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун (мындан ары - ИжУЖРК) ыйгаруу үчүн жиберет;";
- төртүнчү абзацы алып салынсын;
- бешинчи абзацындагы "жана электрондук маалымат базасына" деген сөздөр алып салынсын;
- алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик статистиканын аймактык органы ИжУЖРК кодун жана Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети идентификациялык салык номерин (мындан ары - ИНН) ыйгаргандан кийин арыз ээсине белгиленген мөөнөттө мамлекеттик каттоого турганы жөнүндө күбөлүк берет, анда катталган номери, ИжУЖРК коду, ИНН жана мыйзамдарга ылайык башка маалыматтар көрсөтүлөт;";
- жетинчи абзацындагы "берет" деген сөз "юридикалык жактар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр катталганда берет" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- сегизинчи абзацы алып салынсын;
8-пунктунда:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- каттоочу органдан маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен билдирүү алгандан кийин эки жумушчу сааттын ичинде ИжУЖРК ыйгарат жана ИжУЖРК коду ыйгарылган билдирүүнү тийиштүү каттоочу органга кайра жиберет, ошондой эле билдирүүнү Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетине ИНН ыйгаруу үчүн электрондук форматта жиберет;";
9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- мамлекеттик статистиканын аймактык органынан маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен ИжУЖРК коду ыйгарылган билдирүү алгандан кийин эки жумушчу сааттын ичинде ИНН ыйгарат жана ИНН ыйгарылган билдирүүнү тийиштүү каттоочу органга, мамлекеттик статистиканын аймактык органына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жиберет;";
10-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинен маалыматтык-коммуникациялык технологияны пайдалануу менен ИжУЖРК коду жана ИНН ыйгарылган билдирүү алганда юридикалык жакты, филиалды жана өкүлчүлүктү камсыздандыруу акысын төлөөчү катары каттайт жана эсепке киргизет;";
- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мындай учурда каттоочу орган билдирүүдөгү маалыматтарды толук көлөмдө тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кагаз сактагычта он күндүн ичинде жиберет.";
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик (эсептик) каттоодо, кайра каттоодо каттоочу орган менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү схемасы" деген IV бөлүмүнүн 1-пунктундагы "Бишкек шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик статистика комитети, Башкы эсептөө борбору" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобонун тиркемесинин "Юридикалык жактын ишинин негизги түрү жөнүндө маалыматтар" деген XIII бөлүмүнүн 50-пунктунда "уюштуруу документтерине" деген сөздөр "каттоо жөнүндө арызга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары бир айлык мөөнөттө өздөрүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын "КР Өкмөтүнүн укуктук ченемдик актылары" тиркемесинде 2009-жылдын 30-июнундагы № 11-12 жарыяланды
(344-345)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлык кызмат бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | И.Чудинов
|