Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 20-майы № 316
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети тарабынан кароого берилген "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-майындагы № 316 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитети тарабынан кароого берилген "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган мыйзам долбоору боюнча төмөнкүдөй сунуштарды жана пикирлерди билдирет.
1. Мыйзам долбоорунун аталышын жана мыйзам долбоорунун 1-статьясынын биринчи абзацына гана өзгөртүү киргизилерин эске алып, "жана толуктоолор" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз; "төмөндөгүдөй" деген сөз "төмөнкүдөй" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясында "чегарага танапташ эмгекчи-мигрант" деген түшүнүк берилгенине байланыштуу мыйзам долбоорунун 1-статьясынын үчүнчү жана төртүнчү абзацтарында "чегарага танапташ эмгекчилерди" деген сөздөрдү "чегарага танапташ эмгекчи-мигрант" деген сөздөргө тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырууну сунуш кылабыз.
3. 14-статьясынын экинчи бөлүгүндө:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык:
"Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана макулдашуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"сандык чеги" деген сөздөр "санынын жогорку чеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"белгиленет жана" деген сөздөр алып салынсын.
Ошондой эле, чегара боюндагы зоналарда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына да, чектеш мамлекеттердин жарандарына да эмгек ишмердигин жүргүзүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо максатында чегара жанындагы эмгекчи-мигранттардын маселесин мамлекеттер аралык макулдашуунун негизинде жөнгө салуу керектигин белгилейбиз.