Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 11-февралындагы № 38 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 100
"Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесин башкаруунун Маалыматтык системасын калыптоо жана колдонуунун тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө
Шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларынын эсебин алуу жана калыптоо, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жан референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен шайлоо участкаларынын чектери жана схемаларынын негизинде шайлоочулардын тизмесин калыптоо процессин автоматташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 29-мартындагы № 77 токтому менен бекитилген "Шайлоо процессин өркүндөтүү боюнча чаралардын планын" аткарып, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 28-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесин башкаруунун Маалыматтык системасын калыптоо жана колдонуунун тартиби жөнүндө" жобо (тиркелет) бекитилсин.
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасында жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 100 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 97 тескемеси менен макулдашылган
Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесин башкаруунун маалыматтык системасын калыптоонун жана колдонуунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын мамлекеттик эсеби "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка мыйзамдарына, "Биотметрикалык каттоо жөнүндө" ылайык шайлоочулардын тизмесин башкаруунун маалыматтык системасы (мындан ары - ШТБМС) аркылуу ишке ашырылат.
2. ШТБСМ Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо жана референдум процесстерине катышуусун, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин калыптоо Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алуунун жана каттоонун түрдүү формаларын жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, МКК жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары берген каттоо жөнүндө маалымдарга ылайыктуулугун, ошондой эле шайлоолор ортосундагы мезгилде жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги статистиканы жана отчетторду калыптоо үчүн, Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу максатында ишке ашырылат.
3. ШТБСМ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары-МКК) тарабынан иштелип чыгылат жана уюштурулат жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен шайлоо участкаларынын схемаларынын жана чектеринин негизинде шайлоочулар, референдумдун катышуучулары, шайлоочулардын тизмесин түзүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан башка аракеттерди жасоо боюнча маалымдарды системдештирүү жана актуалдаштыруу, калыптоо боюнча маалыматтык системанын комплексин билдирет.
4. Ушул Жобо:
- шайлоочулар, шайлоо процессинин жана референдумдун катышуучулары тууралу маалымдарды тактоо жана калыптоо;
- Кыргыз Республикасынын калктын эсебин ишке ашырган ыйгарым укуктуу органы менен МКК, БШК, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттеринин бирдиктүүлүк тартибин аныктайт.
2. Пайдаланылган терминдер жана кыскартуулар
5. Ушул Жободо төмөндөгүдөй терминдер жана кыскартуулар пайдаланылды:
- Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын тизмесин башкаруунун маалыматтык системасы (мындан ары - ШТБСМ) - шайлоочуларды, шайлоо процессинин катышуучуларын, референдумдун катышуучуларын эсепке алууга, шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу процессин автоматташтырууга дайындалган автоматташтырылган маалыматтык система;
- шайлоо дареги - анын туруктуу жашоо жери болуп эсептелбеген, бирок ал боюнча добуш берүү ниетин билдирген, шайлоочунун дареги;
- жашаган жери боюнча калкты каттоодо эсептөө органы - шаарларда, поселкелерде, калктуу айылдык пункттарда, жабык аскердик шаарчаларда, ошондой эле чек ара аймагында жайгашкан калктуу пункттарда, же мамлекеттик каттоо кызмат органы бар жабык администрациялык-аймактык бирдиктерде, башка калктуу пункттарда-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- шайлоочунун жеке маалымдары - ЖИН, ФАА шайлоочу жөнүндө маалымдар, туулган датасы, шайлоочунун дареги, УШК номери, паспорттун бүтүү мөөнөтү, өзгөчө белгилер. Ар бир шайлоочуга ШТБСМда туруктуу бир гана жазуу түзүлөт;
- туруктуу жашаган жери - тийиштүү документте каттоо эсебинин органдарынын каттоо белгиси менен тастыкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында турган жарандын жашаган жери;
- шайлоочуларды каттоо - активдүү шайлоо укуктарына ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесин эсептөө жана калыптоо;
- ГК СОАТЕ - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети иштеп чыккан жана бекиткен "Администрациялык Аймактык Бирдиктерди Белгилөөнүн Системасы" Мамлекеттик классификатору;
- шайлоо процессинин катышуучусу - шайлоо процесстерине жана референдумга катышуу укугуна ээ, биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жараны.
6. Кыскартуулар:
МКК - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы - калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы;
ЖАМК - Кыргыз Республикасында жазалоону аткаруунун Мамлекеттик кызматы;
ТИМ - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министрлиги;
ЖСӨ - жергиликтүү өз алдынча башкаруу;
ЖИН - жеке идентификациялоо номери;
УШК - участкалык шайлоо комиссиясы;
АШК - аймактык шайлоо комиссиясы;
БШК - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.
3. ШТБСМде шайлоочуларды эсепке алуу
7. ШТБСМ шайлоо процессине, референдумга катышууга активдүү шайлоо укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоону жана эсепке алууну камсыз кылат.
8. ШТБСМда шайлоочуларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлердеги шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын санын белгилөө максатында ишке ашырылат.
9. Ар бир шайлоочуга ШТБСМда бир гана такай жазуу түзүлөт.
10. ШТБСМда ушул жободо белгиленген тартипте калыптанган шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын чогултулган жеке маалыматтарын камтыйт, жана шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эсепке алуу жана каттоо максаты үчүн:
- шайлоочунун фамилиясы, аты, атасынын аты (мындан ары - ФАА);
- шайлоочунун жеке идентификациялоо номери (мындан ары - ЖИН);
- туулган датасы;
- жынысы;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун реквизиттери (ID-карта, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту); паспортту берген органдын аталышы, сериясы, номери, иштөө мөөнөтү, статусу;
- такай жашаган жери;
- биометрикалык каттоодон өткөн белгиси.
11. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эсебин алууну Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишке ашырышат.
Шайлоочулар, референдумдун катышуучуларын-аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, аскер бөлүктөрү жайгашкан чектерде жашагандарды эсепке алууну Кыргыз Республикасынын коргоо чөйрөсүнүн мамлекеттик органы ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же узак мөөнөттө иш сапарында жүргөн шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эсебин алууну тышкы саясат чөйрөсүндөгү иш алып барган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы ишке ашырат.
Кылмыш жасаганга шектүү жана/же айыпталуучу сапатында камакта турган шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эсебин алууну укук тартиби, жаза аткаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары ишке ашырышат.
Стационардык дарылоо-алдын алуучу мекемелерде турган шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын эсебин алууну Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү орган ишке ашырат.
12. Тийиштүү аймакта шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине 18 жашка толгон, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту, жашаган жери боюнча ушул аймакта катталган, биометрикалык каттоосу бар жарандар киргизилет.
Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде такай жашаган же узак мөөнөттө иш сапарында жүргөн учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине консулдук эсептин маалымдарынын негизинде киргизилет.
13. Тийиштүү шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесинен жарандар төмөнкү учурда чыгарылып салынат:
- жашаган жери, турган жери боюнча каттоо эсебинен алып салуу;
- жарандын дайынсыз жоголгондугун таануу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргендиги боюнча;
- жарандын такай жашаган жеринен тышкары жерде аскер кызматына чакырылганда;
- соттун өкүмү боюнча эркинен ажыратылган жерлерде жазаны актоодо;
- жарандын аракетке жөндөмсүздүгүн таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендиги боюнча;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу;
- өлүм жөнүндө жарандык абалды жазууну мамлекеттик каттоо тастыктаган өлүм же жарандын өлгөндүгүн жарыялаган соттун чечими күчүнө кириши боюнча;
- ШТБСМда окшош жазуулар ачылган негизде (ЖИН жана ФАА бирдей болгондо).
14. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесинин маалымдарына өзгөртүүлөр төмөнкү учурда киргизилет:
- жарандын фамилиясын, атын, атасынын атын алмаштыруу;
- туулган датасы жөнүндө маалымда өзгөрүүлөр;
- жашаган жериндеги өзгөрүүлөр;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштыруу;
- ЖИНди актуалдаштыруу (бир ЖИН бир нече жаранда болуп калганда, бир жаранда бир нече ЖИН болуп калганда).
15. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмеси БШК бекиткен шайлоо участкаларынын схемалары жана чектерине ылайык ишке ашырылат.
16. ШТБСМда калыптанган шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмеси белгиленген форматта "Шайлоочулардын мамлекеттик порталында" чагылдырылат.
17. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын даректик маалымдары ШТБСМда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети бекиткен СОАТЕ МКнын администрациялык-аймактык бирдигинин аталышына ылайык калыптанат.
СОАТЕ МКга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети киргизген өзгөртүүлөр жана толуктоолор белгиленген тартипте, такай негизде МККга, БШКга берилет.
4. ШТБСМди шайлоолор ортосундагы мезгилде пайдалануу
18. Шайлоолорду өткөрүүнүн ортосундагы мезгилде МКК ММКда болгон жарандар жөнүндө колдогу маалымдардын, ТИМ, ЖАМК, ЖӨБ жана Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо жана эсебин алуунун түрдүү формасын жүргүзгөн башка мамлекеттик органдарда жана мекемелердеги маалымдардын негизинде катталган шайлоочулар жөнүндө маалымдарды калыптоону жана тактоону жүргүзөт.
19. МККда жарандар жөнүндө маалымдарды калыптоо тартиби:
МКК төмөндөгү маалымдарды көрсөтүү менен шайлоочулардын маалымдоо базасын такай калыптайт:
- жарандын ЖИН;
- ФАА;
- туулган датасы;
- паспорттук маалымдар (номери, сериясы, паспортту берген орган, паспорттун иштешинин башталышы жана мөөнөтүнүн аякташы);
- СОАТЕ коду, облус, район, айылдык аймак, калктуу пункт, көчө, курулуштун номери, квартиранын номери (болгондо) кошулгандагы жарандын дареги;
- биометрикалык каттоонун бардыгы/жоктугу белгиси.
20. Аталган маалымат БШКга Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөттө, ар бир шайлоо участкасынын кесиндисинде, электрондук тизме түрүндө бүтүндөй республика боюнча берилет. Электрондук тизмедеги ар бир жазуу өзүнүн уникалдуу катар номерине ээ.
21. МКК жарандар жөнүндө маалымдарга ушул Жобонун 12, 13, 14-пункттарына ылайык, тийиштүү жазууда уникалдуу катар номерин көрсөтүү менен өзгөртүүлөрдү киргизет. Бардык өзгөртүүлөрдүн тарыхы сакталып калат.
22. МККнын ведомстволук бөлүмчөлөрү маалымдар базасындагы маалымдарды актуалдаштыруу үчүн үзбөй төмөндөгү маалыматтарды берип турат:
- такай жашоого Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткен жарандар жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган жарандар жөнүндө;
- жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө маалымдар (ЗАГС): Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлүмү жөнүндө маалымдар, ФААны өзгөртүү жөнүндө маалымдар;
- даректик маалымдар, ID-картада көрсөтүлгөндөр.
23. Шайлоо процесстерине жана референдумга даярдык мезгилинде шайлоочулар жөнүндө маалымдар МКК тарабынан БШКга шайлоочулардын алдын ала электрондук тизмеси төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен берилет:
- жарандын ФАА;
- туулган датасы;
- СОАТЕ коду, облус, район, айылдык аймак, калктуу пункт, көчө, курулуштун номери, квартиранын номери (болгондо) кошулган, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунда (ID-карта), көрсөтүлгөн жарандын дареги.
24. Шайлоого, референдумга даярдык бүткөн мезгилде шайлоочулар жөнүндө маалымдар МКК тарабынан БШКга шайлоочулардын акыркы электрондук тизмеси төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен берилет:
- жарандын ФАА;
- туулган датасы;
- паспорттун номери жана сериясы, паспортту берген орган, паспорттун иш аракетинин башталышы жана аракетинин токтолуш мөөнөтү;
- СОАТЕ коду, облус, район, айылдык аймак, калктуу пункт, көчө, курулуштун номери, квартиранын номери (болгондо) кошулган, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунда (ID-карта), көрсөтүлгөн жарандын дареги.
25. Шайлоо ортосундагы мезгилде МКК бир жолу 6 (алты) айда шайлоо участкаларынын кесиндилеринде шайлоочулардын тизмесин отчеттук мезгилди жана тизмени жаңыртуу датасын көрсөтүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү үчүн калыптайт.
Шайлоо ортосундагы мезгилде ЖӨББ менен макулдашуу боюнча тизмелер тактоо үчүн МККда алфавиттик тартипте жана/же дарек боюнча калыптанат.
26. ТИМден МККга маалымдарды берүүнүн тартиби.
ТИМ Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган, биометрикалык каттоодон өткөн жана консулдук эсепке турган жарандар жөнүндө маалымдарды:
- ЖИН;
- жарандын ФАА;
- туулган датасы;
- турган өлкө;
- чет элдик мекеменин аталышы;
көрсөтүү менен такай берип турат.
МККга маалымат ар бир айдын 10-числосуна чейин электрондук түрдө же белгиленген форма боюнча кагазга жазылган тизме түрүндө берилет (Ушул Жобонун 1-тиркемеси).
27. ТИМ ай сайын башка мамлекеттин жарандыгын алган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө маалыматты берип турат.
Аталган маалымат МККга ар бир айдын 10-числосуна чейин электрондук түрдө же белгиленген форма боюнча кагазга жазылган тизме түрүндө берилет (Ушул Жобонун 2-тиркемеси).
29. ЖАМКдан МККга маалымдарды берүүнүн тартиби.
Жазаларды аткаруу системасынын органдары (мекемелери) МККга төмөндөгү маалыматтарды берет:
- соттун өкүмү боюнча кесилген Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө;
- камактоо жайынан бошотулган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө.
30. Аталган маалымат такталат жана ар бир айдын 10-числосуна чейин МККга электрондук жана кагазга жазуу түрүндө:
- жарандын ЖИН;
- ФАА;
- туулган датасы;
- паспорттун номери жана сериясы, паспортту берген орган, паспорттун иш аракетинин башталышы жана аракетинин токтолуш мөөнөтү (болгондо);
- СОАТЕ коду, облус, район, айылдык аймак, калктуу пункт, көчө, курулуштун номери, квартиранын номери (болгондо) кошулган жарандын дареги;
- жаран кармалып турган мекеменин аталышы;
көрсөтүү менен берилет.
Аталган маалымат МККга ар бир айдын 10-числосуна чейин электрондук түрдө же белгиленген форма боюнча кагазга жазылган тизме түрүндө берилет (Ушул Жобонун 3-тиркемеси).
31. ЖӨБ органдары шайлоочулар жөнүндө маалымдарды тактоонун тартиби.
МКК ар бир 6 ай сайын ЖӨБгө электрондук түрдө шайлоочулардын тизмесин берет.
ЖӨБ тизмелерди алган күндөн 10 (он) календарлык күндүн ичинде катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды текшерүүнү жана тактоону ишке ашырышат жана МККга шайлоочулардын тизмесин калыптоо үчүн такталган маалымдарды МККга берет.
Такталган тизмелер МККга электрондук түрдө төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен берилет:
- жарандын ЖИН;
- ФАА;
- туулган датасы;
- СОАТЕ коду, облус, район, айылдык аймак, калктуу пункт, көчө, курулуштун номери, квартиранын номери (болгондо) кошулган жашаган дареги;
- чыгып кеткендиги жөнүндө белги.
МКК келип түшкөн өзгөртүүлөрдү ШТБСМнын маалымдар базасына киргизет.
32. ЖӨБ органдары милдеттүү түрдө "Жарандык абалдын актыларын жазуу" (мындан ары - АМС "ЖААЖ") автоматташтырылган маалыматтык системасына жарандардын өлүмү жөнүндө жарандык абалды жазууга каттоону жүргүзүшөт.
5. Шайлоолорду, референдумду өткөрүү мезгилинде ШТБСМди пайдалануу
33. Шайлоолорду, референдумду өткөрүү мезгилинде ШТБСМде сакталган шайлоочулар, референдумдун катышуучулары жөнүндө маалымдар шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, шайлоо участкаларынын жана округдардын чектерин аныктоо үчүн пайдаланылат.
34. Шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмеси шайлоочулар таанышы үчүн МКК БШКга берет, ошондой эле ал МКК жана БШК сайтарында, "Шайлоочулардын мамлекеттик порталында" жеткиликтүү режимде.
35. Тизмени жарыялоонун тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталат.
36. МКК жана БШК сайттарында, "Шайлоочулардын мамлекеттик порталында" кароо үчүн жеткиликтүү шайлоочулардын тизмеси төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
- УШК номери;
- жарандын ФАА;
- туулган датасы;
- шайлоочунун көчүш тарыхы.
6. ШТБСМ маалыматынын сакталышы жана корголушу
37. ШТБСМда турган жеке маалымдар конфиденциалдуу маалыматтарга кирет.
38. МКК ШТБСМде турган жеке маалымдарга бирөөлөрдүн жетишине, өзгөртүлүшүнө жана жоготулушуна жол бербей сакталышын жана коопсуздугун камсыз кылат.
39. ШТБСМга кирүү чектүү жана МКК тарабынан белгиленет. Жеке маалымдар менен иштөө үчүн тийиштүү кирүү формасына ээ ыйгарымдуу пайдалануучу маалыматты иштеп чыгуу үчүн ШТБСМга жеткиликтүүлүк берилет.
40. ШТБСМга жеткиликтүүлүк үчүн ыйгарым укуктуу адамдарга ШТБСМдин администратору тарабынан жеке логин жана пароль ыйгарылат, ал пайдалануучунун укугуна ылайык берилген критерийлер боюнча пайдалануучунун идентификациясын камсыз кылат.
Пайдалануучунун бардык аракеттери сөзсүз түрдө сессиянын убактысын, пайдалануучунун ФАА жана логинин көрсөтүү менен ШТБСМде катталат.
41. ШТБСМдеги маалымдардын базасынын сакталышын камсыз кылуу үчүн жумушчу жуманын акырында резервдик көчүрмөлөр түзүлөт, алар белгиленген тартипте МККда сакталат.
Шайлоо мезгилинде күн сайын жумушчу күндүн акырында түзүлөт.
42. МККдан БШКга байланыштын электрондук каналдары боюнча файлдарды берүүдө, ошондой эле маалыматты сырткы алып жүрүүчүлөрдө алардын бүтүндүгүн жана юридикалык маанисин камсыз кылуу үчүн берилген файлдарга берген тараптын ыйгарымдуу адамдары электрондук сан арипти колдонуу менен кол коюшат.
7. Корутунду жоболор
43. Калктын эсебин ишке ашырган ЖӨБ органдарынын башчылары, шаарлардын мэрлери, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жетекчилери шайлоочулар, референдумдун катышуучулары жөнүндө маалымдар өз убактысында берилбегендигине, так эместигине, толук эместигине, ишенимсиздигине карата, ошондой эле жеке мүнөздөгү маалымат кирген маалымдарды жайгандыгына жоопкерчилик тартышат.
44. Эсепти каттоо органдарынан түшкөн документтерди сактоо мөөнөтүн МКК белгилейт, бирок МККга түшкөн учурдан 3 (үч) жылдан кем болбойт.
Тиркеме 1
ТИМ аркылуу МККга ар бир айдын 10-числосуна чейин берилет
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана турган жана консулдук эсепке турган шайлоочулар жөнүндө МААЛЫМДАР айы ______________ 20____-жыл
Кыргыз Республикасынын элчилиги ______________________________________
(турган өлкөнүн аталышы)
УШК № _______________
№ п/п | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган датасы (дд.мм.гггг) | Жеке идентификациялоо номери (ЖИН) | |
1 |
|
|
| |
2 |
|
|
| |
3 |
|
|
| |
4 |
|
|
| |
| Бардыгы: |
|
|
Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин жетекчиси
_________________________ | ___________________ | |
| ФАА | Кол тамга |
|
|
|
|
| М.О. |
Тиркеме 2
ТИМ аркылуу МККга ар бир айдын 10-числосуна чейин берилет
ШТБСМдеги эсептен чыгаруу үчүн берилген башка мамлекеттин жарандыгын алган, Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө МААЛЫМДАР айы ______________ 20____-жыл
Кыргыз Республикасынын элчилиги _______________________________________
(турган өлкөнүн аталышы)
УШК № _______________
№ п/п | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган датасы | Жеке идентификациялоо номери (ЖИН) | |
1 |
|
|
| |
2 |
|
|
| |
3 |
|
|
| |
4 |
|
|
| |
| Бардыгы: |
|
|
Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин жетекчиси | _________________________ | ___________________ |
| ФАА | Кол тамга |
|
|
|
|
| М.О. |
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө МААЛЫМДАР айы ____________ 20___-жыл
Кыргыз Республикасынын элчилиги _______________________________________
(турган өлкөнүн аталышы)
УШК № _______________
№ п/п | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган датасы (дд.мм.гггг) | Жеке идентификациялоо номери (ЖИН) | |
1 |
|
|
| |
2 |
|
|
| |
3 |
|
|
| |
4 |
|
|
| |
| Бардыгы: |
|
|
Кыргыз Республикасынын элчилик өкүлчүлүгүнүн, консулдук мекемесинин жетекчиси | _________________________ | ___________________ |
| ФАА | Кол тамга |
|
|
|
|
| М.О. |
Тиркеме 3
ЖМКА аркылуу МККга ар бир айдын 10-числосуна чейин берилет
Сот өкүмү боюнча кесилген Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө МААЛЫМДАР айы ____________ 20___-жыл
№ п/п | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган датасы (дд.мм.гггг) | Жеке идентификация номери (ЖИН) | Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жеринин дареги |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
|
|
Мекеменин жетекчиси | ________________________ | __________________ |
| ФАА | Кол тамга |
|
|
|
|
| М.О. |
Камактоо жайынан бошотулган Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө МААЛЫМДАР айы ____________ 20___-жыл
№ п/п | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Туулган датасы (дд.мм.гггг) | Жеке идентификация номери (ЖИН) | Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жеринин дареги |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
|
|
Мекеменин жетекчиси | ________________________ | __________________ |
| ФАА | Кол тамга |
|
|
|
|
| М.О. |