Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № 122
2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча Баткен облусунун Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунушунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-июнундагы ПЖ № 133 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 5-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.А.Конурбаевге жүктөлсүн.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 14-июнундагы № 122 токтомуна тиркеме |
Баткен облусу Кадамжай району
Майдан айыл аймагы
№ 8110 Кара-Жыгач шайлоо участкасы
Борбору: Кара-Жыгач айылдык клубунун имараты, Кара-Жыгач көчөсү № 51
Чек арасы: Кара-Жыгач, Кара-Кыштак айылдары толугу менен кирет.
Көчөлөрү: Кара-Жыгач, Кошбаков Тешебай, Мамасыдыков Асан, Жолдошов Шерикбек, Ташполотов Курсан, Галымбетов Али, Акматов Батыр, Темирбаев Акматали, Молдо Тойкул, Шава сай, Сулайманов Ташбалта, Кудайбердиев Турду, Топчубаев Кудайкул, Эргешов Абдыкалык, Полотов Абдирашит, Шермаматов Рахматилла, Мааназаров Гапыр, Турдукулов Эрмек.
№ 8111 Майдан шайлоо участкасы
Борбору: "Исфайрам" атындагы орто мектебинин имараты, А.Кудайназаров көчөсү № 6
Чек арасы: Майдан, Пум айылдары толугу менен кирет.
Көчөлөрү: Кудайназаров Амиракул, Шамбы сай, Топчубаев Жамшут, Исаков Катан, Байматов Тургунбай, Примов Абдурасул, Садыков Эшман, Дамашов Жумабай, Султанов Суран, Ташмат Амин, Койчиев Талас, Токторов Дурсунали, Молдобаев Закир, Сатыбалдыев Абдималик, Адаев Акматали, Таиров Орунбай, Айылчиев Шамши, Маатов Таир, Жолдошов Камчыбек, Манас Ажы, Молдо Малик, Абдираимов Абдыкадыр, Сексенбаев Эшманбет.
№ 8112 Кароол шайлоо участкасы
Борбору: М.Таиров атындагы орто мектебинин имараты, Т.Ашуров көчөсү № 12
Чек арасы: Кароол, Кереге-Таш, Аустам айылдары кирет.
Көчөлөрү: Козуев Мусакул, Бийжанов Анарбай, Мамашукуров Абдилла, Кереге-Таш айылынын № 1, № 2, № 3 көчөлөрү, Жоошов Каразак, Чокоев Эдилбай, Истамов Чила, Нишанов Таштан, Ашуров Тилебалды.
№ 8153 Сары-Алтын шайлоо участкасы
Борбору: "Сары-Алтын" атындагы орто мектебинин имараты, Сары-алтын көчөсү № 1/4
Чек арасы: Бак, Сары-Алтын, Акимбек, Жаны-Абад айылдары кирет.
Сары-Алтын № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10 көчөлөрү, Бак № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, Акимбек № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, Жаңы-Абад № 1, № 2, № 3, № 4, № 5 көчөлөрү.
№ 8195 Исамариям шайлоо участкасы
Борбору: "А.Темирбаев" атындагы орто мектебинин имараты, Кара-Дөбө көчөсү № 5
Чек арасы: Кара-Дөбө, Исамариям айылдары толугу менен кирет.
Кара-Дөбө айылынын № 1, № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9, № 10, № 11, № 12, № 13, № 14 көчөлөрү, Келечек № 1, Келечек № 2, Келечек № 3, Келечек № 4, Келечек № 5, Келечек № 6, Келечек № 7, Исфайрам айылы боюнча № 1 № 2, № 3, № 4, № 5, № 6, № 7, № 8, № 9 көчөлөрү.