Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 2057-VI
2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-октябрындагы № 958-VI токтому менен бекитилген 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясынын жоболорун ишке ашыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматы эске алынсын.
2. 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясы жана аны ишке ашыруу боюнча Иш чаралар планы жаңы редакциясында баяндалсын (тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын жана 2021-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнүктүрүү стратегиясынын ишке ашырылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешине жүктөлсүн.
Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| А.Кодуранова |