Редакцияот 07.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 7-декабры № 2063-VI

"2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) сунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 17-ноябрындагы № 752 токтому) "2017-жылдын 20-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Санариптик Борбордук Азия жана Түштүк Азия" (Digital CASA) (TF0A5602) сунушталган долбоорун даярдоого ECAPDEV грантын бөлүү жөнүндө макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Кодуранова