КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели № 2391-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 8-ноябрындагы № 732 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |