КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-январы № 2167-VI
"2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтарып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 57-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 4-декабрындагы № 786 токтому) "2015-жылдын 19-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окуудагы режимге кайтарылып берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окуудагы жол-жобо боюнча кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Д. Джумабеков
|