Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-февралы № 2905-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы № 2221-VI токтому менен түзүлгөн 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин изилдөө жана Бишкек ЖЭБин реабилитациялоо үчүн 2014-жылы алынган 386 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттин сарамжалдуу пайдаланылышын териштирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри К.А.Бороновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 17-майындагы № 2408-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда көрсөтүлгөн токтомду аткаруу боюнча ишти улантсын жана анын жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |