Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 12-июну № 3108-VI
Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында органикалык жер семирткичтер менен биологиялык препараттардан тышкары пестициддерди, гербициддерди, фунгициддерди жана башка синтетикалык же гендик-модификацияланган агрохимикаттарды жана өстүрүү регуляторлорун колдонбой туруп өндүрүүнү жүзөгө ашыруу айыл чарбасынын органикалык продукцияларын (өсүмдүктөрдүн жана мал чарбасынын) өндүрүүгө 10 жылдын ичинде өтүү агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болуп санала тургандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн (өсүмдүктөрдү өстүрүү), тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, ошондой эле мал чарбасынын органикалык продукцияларын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу жана бекитүү;
- алыскы калктуу конуштарды (райондорду) өсүмдүктөрдөн жана малдардан органикалык продукцияларды өндүрүүгө этап боюнча өткөрүүгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
- инновациялык технологияларды өнүктүрүү, органикалык айыл чарба жаатындагы дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны кеңейтүү, өсүмдүктөрдү коргоонун натыйжалуу биологиялык каражаттарын иштеп чыгууларга дем берүү боюнча чараларды көрүү;
- өсүмдүктөрдү коргоонун натыйжалуу биологиялык каражаттарын иштеп чыгууга дем берүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарынын, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин органикалык жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык препараттарын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана жайылтууга багытталган илимий изилдөө иштерине колдоо көрсөтүү боюнча механизмдерди иштеп чыгуу, алардын иштерин каржылоо үчүн каражаттарды издеп табуу;
- органикалык айыл чарба өндүрүш чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу, органикалык продукцияларды сатууну уюштуруу үчүн логистикалык борборлорду түзүү боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кам көрүү, ошондой эле органикалык айыл чарба, тамак аш жана кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашыруу үчүн органикалык өсүмдүктөрдү изилдөө жана коргоо жаатында дүйнөлүк лидерлерди тартуу боюнча чараларды көрүү;
- ишмердүүлүгү чет мамлекеттердин ийгиликтүү тажрыйбасынын негизинде органикалык продукцияларды өндүрүүгө багытталган чарбакер субъектилерди жеңилдетилген каржылоо программаларын иштеп чыгуу, органикалык айыл чарбага колдоо көрсөтүүнү күчөтүү үчүн финансылык жардамдын колдонуудагы программаларын (анын ичинде эл аралык финансылык институттардын жана башка уюмдардын багыттары боюнча) кайра кароо;
- айыл чарбасын (органикалык айыл чарба өндүрүшүн) өнүктүрүү жөнүндө маселени жергиликтүү маанидеги маселелерге киргизүү жөнүндө ченемдер каралган тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кароо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү, жергиликтүү башкаруу органдарында айыл чарбасын өнүктүрүү маселеси боюнча бир штаттык бирдикти кароо;
- органикалык айыл чарба өндүрүшүн киргизүү жана өнүктүрүү үчүн зарыл болгон тиешелүү сертификациялоо органдарын, лабораторияларды түзүү жана иштөөсү боюнча чараларды көрүү;
- белгиленген тартипте каттоодон өтпөгөн, колдонууга тыюу салынган агрохимикаттарды, пестициддерди жана фунгициддерди ташып киргизүүгө, сатууга жана колдонууга бекем контролду жүзөгө ашыруу, 2011-2019-жылдарга карата Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын Мамлекеттик каталогун кайра кароо, пестициддерди жана фунгициддерди, гербициддерди жана башка коргоонун химиялык каражаттарын ташып киргизүүгө, жайылтууга, колдонууга акырындап тыюу салуу боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-августундагы "2017-2022-жылдары Кыргыз Республикасында Органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" № 459 токтомуна ушул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- органикалык продукцияларды өндүрүү максаттары үчүн кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, айыл чарба кооперативдерине ижарага өткөрүп берүүнүн артыкчылыктуу тартибин караган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актыларына киргизүү;
- органикалык айыл чарба өндүрүшү жаатында жогору кесипкер кадрларды даярдоо, агрономдордун институтун жана потенциалын күчөтүү, органикалык айыл чарбасынын артыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды жайылтуу жана агрохимиялык каражаттарды колдонуунун терс таасири боюнча чараларды көрүү;
- экспорттоого багытталган органикалык продукцияларды өндүрүү үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн, айыл чарба кооперативдерин жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү, жеңилдетилген каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыздоо жолу менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн кооперативдерге бириктирүү үчүн механизмдерди иштеп чыгуу.
3. 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө көрүлгөн чаралардын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |