Редакцияот 17.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 17-апрели № 3007-VI

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын чечими жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата козголгон кылмыш иши жөнүндөгү маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Т.Зулушевдин маалыматын угуп жана аталган маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын чечимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго, ошондой эле массалык башаламандыкты уюштурууга жана бийликти күч колдонуп басып алууга багытталган кылмыштардын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаевге карата козголгон кылмыш ишин иликтөө боюнча маселени кароосуз калтыруу жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын чечими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата кылмыш ишин козгоо жөнүндөгү маселе убактылуу депутаттык комиссия тарабынан кароосуз калтырылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.К.Исаевге, А.Ү.Жапаровго жана И.В.Чудиновго карата кылмыш ишин козгогондугу жөнүндө маселени иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 18-майындагы № 1591-VI токтомунун аткарылышы контролдон алынсын (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 31-майындагы № 1635-VI токтомунун редакциясында).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

М.Бакиров