Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 323 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 26 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык иштелип чыкты (мындан ары - Эрежелер).
2. Эрежелер Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү маселелерин жөнгө салат.
2. Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте ээленүүчү кызмат орундарынын номенклатурасы
3. Кирүү өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте ишке ашырылган Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратындагы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдардагы административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеси (мындан ары - Тизме) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде (мындан ары - Реестр) көрсөтүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу төмөнкү кызмат орундары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасындагы туруктуу өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка ченемдик укуктук актылары менен Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасына таандык кылынган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары;
- функциясына Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн ишин материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу кирген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарлары;
2) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу төмөнкү кызмат орундары:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын секторунун башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын инспектору;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эксперти;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы;
- ченемдик укуктук актылар менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин номенклатурасына кирген башка кызматчылар.
3. Кызмат орундарын ээлөө жол-жобосу
4. Ушул Эрежелердин 3-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына дайындоо Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте жүргүзүлөт.
5. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн ваканттык кызмат орун болгондо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна тиешелүү кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер боюнча материалдарды киргизет.
6. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн ваканттык кызмат орун болгондо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин кароосуна тиешелүү кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер боюнча материалдарды киргизет.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жогоруда аталган вакант кызмат орундарына талапкерлерди дайындоо жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кадр маселелерин тескеген түзүмдүк бөлүмү тарабынан таризделет.
4. Административдик мамлекеттик кызмат орундарына карата квалификациялык талаптар
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдарда административдик кызмат орундарынын категорияларына төмөнкүдөй жалпы квалификациялык талаптар коюлат:
- кесиптик билим деңгээлине;
- кесиптик стажынын жана иш тажрыйбасынын болушуна;
- жетишилген кесиптик натыйжаларынын болушуна;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарын билишине;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүсүнө.
9. Квалификациялык талаптарга ылайык келүүнү ырастоо төмөнкүлөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- белгиленген үлгүдөгү, нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин (дипломдордун жана сертификаттардын) көчүрмөлөрүнүн;
- нотариалдык же иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинен алынган көчүрмөлөрдүн;
- иштеген жери боюнча жетишкен кесиптик ийгиликтерин көрсөтүү менен резюменин (тактама-маалымкаттын).
10. Реестр менен аныкталган административдик мамлекеттик кызмат орундарына кызмат орундарынын категориясына жана тобуна жараша төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарындагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат орундары үчүн:
- жогорку билиминин;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жыйындысында кеминде жети жыл иш стажынын же болбосо адистиги боюнча же тармакта кеминде он жыл иш стажынын;
- жетектөөчү кызмат орундарында кеминде үч жыл иш стажынын болушу;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин кызмат орду үчүн:
- жогорку билиминин;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жыйындысында кеминде беш жыл иш стажынын же болбосо адистиги боюнча же тармакта кеминде сегиз жыл иш стажынын;
- жетектөөчү кызмат орундарында кеминде бир жыл иш стажынын болушу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынын жана сектор башчысынын кызмат орундары үчүн:
- жогорку билиминин;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жыйындысында кеминде беш жыл иш стажынын же болбосо адистиги боюнча же тармакта кеминде жети жыл иш стажынын болушу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын инспекторунун жана экспертинин кызмат орундары үчүн:
- жогорку билиминин;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жыйындысында кеминде үч жыл иш стажынын же болбосо адистиги боюнча же тармакта кеминде беш жыл иш стажынын болушу.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
- жогорку билиминин;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жыйындысында кеминде жети жыл иш стажынын же болбосо адистиги боюнча же тармакта кеминде он жыл иш стажынын;
- жетектөөчү кызмат орундарында кеминде үч жыл иш стажынын болушу.
12. Функциясына Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн ишин материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылуу кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарынын кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:
- жогорку билиминин;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жыйындысында кеминде жети жыл иш стажынын же болбосо адистиги боюнча же тармакта кеминде он жыл иш стажынын;
- жетектөөчү кызмат орундарында кеминде үч жыл иш стажынын болушу.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты талапкер берген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү, анын ичинде соттуулугунун жоктугуна, жазык жоопкерчилигине тартылбагандыгына, терс негиздер боюнча иштен бошотулган адамдардын реестринде болбогондугуна атайын текшерүү жүргүзүүнү уюштурууга укуктуу.
14. Стратегиялык жана артыкчылыктуу мамлекеттик маселелерди чечүүнү талап кылган кызматтык зарылчылык келип чыккан учурда өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалуучу кызмат орундарына ушул Эрежелерде белгиленген квалификациялык талаптардан тышкары жогорку кесиптик аброю бар адамдар дайындалышы мүмкүн.