КР Президентинин 2025-жылдын 18-ноябрындагы № 323 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 9-февралы ПЖ № 26
Мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президенти | А.Атамбаев |