Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2006-жылдын 13-марты ПЖ N 106
Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Акциялардын мамлекеттик пакетин менчиктештирүү ыкмасын өркүндөтүү жана корпорациялык баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы N 121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
" - менчиктештирүү жекече программалар жана концепциялар боюнча жүргүзүлгөн стратегиялык ишканалардан тышкары баалуу кагаздардын рыногунда сооданы лицензиялык уюштуруучулар аркылуу менчиктештирилген ишканалардын акцияларынын мамлекеттик пакетин сатуунун тартибин иштеп чыксын жана ишке киргизсин;"
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент | К. Бакиев |