Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамдын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:
- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-июнундагы № 25/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/6 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитке карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 24-февралындагы № 3/7 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-5 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
ушул токтомго карата тиркеменин 15-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/11 "Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 102-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун:
1-пунктунун 21-абзацы;
ушул токтомго карата тиркеменин 20-пункту;
- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 25-майындагы № 20/6 "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 14-июлундагы № 22/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.
4. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык компанияларды, "Кыргыз банктар бирлиги" юридикалык жактар бирикмесин, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы |
| Т.Абдыгулов |