КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2001-жылдын 13-ноябры N 521
Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселкаларынын жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүү жана сактоо тартиби тууралу Жобо жөнүндө
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 10, 39-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселкаларынын жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүү жана сактоо тартиби тууралу Жобо бекитилсин (тиркелет).
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| С.Иманбаев |