Загрузка документа…
КР Борборшайлоокомунун 2020-жылдын 22-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ЖОБО
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы N 521 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселкаларынын жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүү жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО
"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 39-статьясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал тыкыр отчеттук документ болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин саны катталган шайлоочулардын санынан 0,5 проценттен ашпоого тийиш.
1. Шайлоо бюллетенин даярдоо
1.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысын шайлоону өткөрүү үчүн ар бир шайлоочу белгиленген формадагы бир гана шайлоо бюллетенин алат.
1.2. Областтык (Бишкек шаардык) шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын белгилейт, аны сактоо чараларын аныктайт жана аны даярдоону камсыз кылат.
1.3. Округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетенинин текстин бекитет жана ар бир округ боюнча шайлоо бюллетендеринин санын аныктайт.
1.4. Шайлоо бюллетенинин тексти добуш берүү күнүнө чейин 20 күндөн кечиктирбестен округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет. Бюллетендин тексти кагаздын бир жак бетине гана басылат.
1.5. Шайлоо бюллетенинде алфавиттик тартипте ар бир талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, негизги иштеген жери (ишинин түрү), ким тарабынан көрсөтүлгөнү жазылат.
1.6. Ар бир талапкер жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардан оң жакта бош квадрат калтырылат. Талапкерлердин тизмесинин акырында "Бардык талапкерлерге каршы" деген сап, анын оң жагында бош квадрат болот.
1.7. Ар бир шайлоо бюллетенинде аны толтуруу тартиби жөнүндөгү түшүндүрмө болууга тийиш.
1.8. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнөн кеминде 10 күн мурда кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгат.
1.9. Шайлоо бюллетенинде шайлоо өтүп жаткан органдын аты көрсөтүлөт.
2. Шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүү тартиби
2.1. Шайлоо бюллетендерин иргелгенден кийин типография аны заказ кылган округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссиясынын төрагасына же катчысына акт боюнча өткөрүп берет. Бюллетендер өткөрүлүп берилгенден кийин шайлоо комиссиясынын кеминде үч мүчөсүнүн, талапкерлердин чакырылган ишенимдүү адамдарынын катышуусу астында жараксыз деп табылган жана ашып калган шайлоо бюллетендери жок кылынат, ал жөнүндө акт түзүлөт, ага ошол учурда болгон баардык адамдар кол коет.
2.2. Шайлоо бюллетендеринин өткөрүлүп берилишине, кабыл алынышына жана сакталышына шайлоо бюллетендерин берген, алган жана сактаган округдук, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары жооп берет.
2.3. Округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссиясынан шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнөн бир күн мурда өткөрүлүп берилет. Шайлоо бюллетендерин алган учурда участкалык шайлоо комиссиясы ал бюллетендерди санайт.
2.4. Участкалык шайлоо комиссиясына берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участкасы боюнча ошол бюллетендер өткөрүлүп берилген күнгө карата шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын санынан 0,5%тен ашпоого тийиш.
2.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын кызмат орунуна кээ бир талапкерлер кетип калса же шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин катталуусу алынып салынса участкалык шайлоо комиссиялары округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларынын көрсөтмөсү боюнча кетип калган талапкер жөнүндөгү маалыматтарды бюллетендерден сызып салат.
3. Шайлоочуларга берүү үчүн шайлоо бюллетендерин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өткөрүп берүү
3.1. Шайлоо күнү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы ведомость боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө шайлоо бюллетендерин берет, алар бюллетендердин шайлоочуларга ыйгарылышы үчүн жооп берет.
3.2. Шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан шайлоочуларга шайлоочулардын тизмесине ылайык паспортун же анын ким экенин тастыктаган бөлөк документин көрсөткөндө берилет.
3.3. Паспортту же ким экенин тастыктоочу бөлөк документи жок шайлоочуга шайлоо бюллетени шайлоочуларынын саны 500 дөн ашпаган шайлоо участкаларында шайлоочулардын тизмесинде анын фамилиясы болсо жана ошол тийиштүү шайлоо участкасынын аймагында жашап турганы такталса берилет.
3.4. Шайлоо бюллетенин толтурууда жаңылыштык кетирип койгон шайлоочуга шайлоо комиссиясынын мүчөсү бузулуп калган бюллетендердин ордуна жаңысын берет. Бузулган шайлоо бюллетени дароо жараксыз кылынып, ал тууралу акт түзүлөт.
4. Шайлоо бюллетендерин сактоо жана жеткирүү
4.1. Шайлоо бюллетендерин сактоого жоопкерчилик округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагасына жана катчысына жүктөлөт.
4.2. Шайлоо бюллетендери типографиядан округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссиясына жана андан участкалык шайлоо комиссияларына ички иштер органдары бөлүп берген куралдуу сакчылардын коштоосу менен жеткирилет.
4.3. Округдук (райондук, шаардык) жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин чапталып, пломба коюлган сейфтерде сакташат.
4.4. Шайлоочулардын добуштары эсептелип бүтөөрү жана добуштардын жыйынтыгы чыгарылаары менен аларды участкалык шайлоо комиссиялары округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларына участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколу менен кошо өткөрүп берет. Округдук (райондук, шаардык) шайлоо комиссиялары шайлоонун жыйынтыктары чыгарылып бүткөндөн кийин шайлоо бюллетендерин бөлөк шайлоо документтери менен кошо жергиликтүү архивдерге өткөрүп берет, алар болсо Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын "Шайлоо документтерин сактоо, архивге өткөрүү жана жок кылуу тартиби жөнүндөгү" нускоосуна ылайык белгиленген мөөнөттө жана тартипте жок кылат.