Загрузка документа…
| Тиркеме 1 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 24-июнундагы № 616 буйругу менен бекитилген |
“Мамлекеттик эмес (штаттан сырткары ) кырсыктан куткаруу түзүмдөрүнүн куткаруучуларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу” Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1-глава, 122-пункт
Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбору (КДМБ).
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 675 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 12 күн;
(2) Кызмат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) арыз ээсинин өз колу коюлган, эркин формада жазылган арызы;
б) белгиленген формадагы медициналык маалымкат;
в) арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
г) 3x4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт (4 даана);
д) юридикалык жактын реквизиттери (анын ичинде почталык (юридикалык жактын дареги, турган жери) жана банк реквизиттери (алыш-бериш эсебинин номери, банктын аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери - СИН);
е) кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер (спортчунун даражасы жөнүндө күбөлүк, адистиги боюнча класстык квалификациянын бар экендигин ырастоочу күбөлүктөр).
(3) Кызмат көрсөтүүнүн өз наркы (эгерде ал бекер көрсөтүлсө) жэ анын кызмат баасы акы төлонүүчү болсо; Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү болот. Анын кызмат баасы Монополияга каршы жөнгө салуу уюму менен макулдашылган (2013 – жылдын 24 – апрелинде № 50 буйругу тиркеме №1) бул регламенттин бөлүнбөс бөлүгү болгон расмий баа прейскурантына ылайык коюлат.
4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:
Белгиленген үлгүдөгү куткаруучунун сертификаты жана күбөлүгү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Керектөөчүгө маалымат берүү, сунушталган мамлекеттик кызматтардын тартиби жана жолдору жөнүндө мыйзамдуу өкүлдөрү |
|
2 | Документтерди кабыл алуу жана иштеп чыгуу, мамлекеттик кызматтардын стандарты орноткон тизмеге документтердин дал келүүсүн жана толуктугун текшерүү |
|
3 | Арыз берүүчү менен келишим түзүү жана окуу топторун түзүү (уюмдун шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо жана сабак өткөрүү) |
|
4 | Окуу процессин жүргүзүү, куткаруучуларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу |
|
5 | Квалификациялык сынак өткөрүү (теориялык жана тажрыйбалык билимин текшерүү), сынактын жыйынтыгын иштеп чыгуу жана билим алгандыгы жөнүндө сертификат берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
| 1-Жол-жобо. Мамлекеттик кызмат менен камсыз кылуу боюнча арызын кабыл алуу. | |||||
| 1.1 Аракет | КДМБнун кадр жана мобилизация бөлүмү | 20 минут | Арыз берүүчүнү кабыл алуу
| Хронометраж | |
1.2 Аракет | КДМБнун башчысы | 1 саат | Сүрүү визасы | Хронометраж | |
1.3 Аракет | КДМБнун башчысы | 15 минут | Келүүчү документтерди каттоо китеби | Хронометраж | |
1.4 Аракет | КДМБнун кадр жана мобилизация бөлүмү | 25 минут | Арыз ээси тарабынан берилген документтерди карап чыгуу
| Хронометраж | |
1.5 Аракет | КДМБнун Каржы кызматы | 40 минут | КДМБнун башчысы тарабынан мамлекеттик кызмат менен камсыз кылуу долбоорун келишими | Хронометраж | |
1.6 Аракет | КДМБнун башчысы, КДМБнун каржы кызматы | 1 саат | Арыз ээси менен түзүлгөн келишим . | Хронометраж | |
Аракет 1n |
|
|
|
| |
| Жыйынтык тартиби: Кабыл алуу колдонуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн документтер. документтерди изилдөө берилген, мамлекеттик кызмат боюнча милдеттерин аткарбаганы же камсыз кылуу үчүн келишим боюнча корутунду. | |||||
| Жол-жоболордун узактыгы: 3 саат 40 минут | |||||
| Административдик : жол-жобосунун тиби | |||||
Кийинки жол-жобосунун саны: 2 | |||||
| Жол-жобосун баштоо тартибинин натыйжасын өткөрүп берүү ыкмасы: кагаз же оозеки түрүндө. | |||||
| |||||
| 2-Жол-жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу | |||||
2.1 Аракет | КДМБнунокуу бөлүмү | 1 саат | Хронометраж | Өтүлүүчү сабактардын жана ыраатамаларды түзүү. | |
2.2 Аракет | КДМБнунокуу бөлүмү | 20 минут | Хронометраж | Коопсуздук эрежелерин жеткирүү жана кол койдуруу журналы | |
2.2 Аракет | КДМБнунокуу бөлүмү | 1 саат | Хронометраж | КДМБнун башчысы тарабынан бекитилүүчү сабактар жана ырааттама. | |
Аракет 2n |
|
|
|
| |
| Жыйынтык тартиби: Мамлекеттик кызмат менен камсыз кылуу үчүн документтерди даярдоо | |||||
Жол-жоболордун узактыгы : 2 саат 20 минут | |||||
Уюштуруучунун жол-жобосунун тиби | |||||
Кийинки жол-жобосунун саны: 3 | |||||
Жол-жобосун баштоо тартибинин натыйжасын өткөрүп берүү ыкмасы: кагаз же оозеки түрүндө.. | |||||
| |||||
3- Жол-жобо. Мамлекеттик кызматтардын жол-жобосунун көрсөтүүнүн тартиби | |||||
3.1 Аракет | КДМБнун окуу бөлүмү | 11 күн
| Алгачкы окутуу программасы куткаруу боюнча
| Жетишкендиги тууралуу журналга жазуу. | |
3.2 Аракет | КДМБнун окуу бөлүмү | 5 саат | Хронометраж | Зачет кабыл алуу жана белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана сертификаттарды берүүнү эсепке алуу китеби. | |
3.3 Аракет | КДМБнун кадр жана мобилизация бөлүмү | 1саат | Хронометраж | Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы боюнча арыз ээсине расмий эскертүү. | |
Аракет 3n |
|
|
|
| |
| 4- Жол –жобо. Мамлекеттик кызмат менен камсыз кылуу натыйжасынын тартиби: | |||||
Жол-жоболордун узактыгы: 11 күн 6 саат | |||||
| Жол-жобосунун бул тиби: Практикалык | |||||
Жол-жобосун баштоо тартибинин натыйжасын өткөрүп берүү ыкмасы: кагаз түрүндө. | |||||
5. 1, 2, 3, ж.б. жол – жоболордун схемасы (алгоритмдери)
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар тарабынан толтурулат)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун башчысы.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана сакталышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
3) Текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү: мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде жума сайын.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен уюштурулган комиссия ишке ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкат кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн аралыгында бул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар кабыл алынууга тийиш.
Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контроль 1 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын жарым-жартылайы аутсорсингге жеке жактарга же/жана юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик талаптарынын сакталышына жоопкерчилик бул кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир мезгилде жана зарылчылыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
Куткуруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун башчысынын орун басары – окуу бөлүмүнүн башчысы подполковник У.Т.Узбеков.
2. Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун окуу бөлүмүнүн куткаруучуларды даярдоо кафедрасынын башчысы майор Н.О.Мырзаев.