Загрузка документа…
Тиркеме 3
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 24-июндагы № 616 буйругу менен бекитилген
|
“Суучул, сууга чөккөндөрдү куткаруучу иши, дайвинг адистерин окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияларын жогорулатуу” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 1 главасынын 113-пункту
1. Жалпы жобо
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү: “Суучул, сууга чөккөндөрдү куткаруучу иши, дайвинг адистерин окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, квалификацияларын жогорулатуу” КР ӨКМдин алдындагы Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору ( Суучулдар кызматы) тарабынан ишке ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн адиминистративдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябырындагы №675 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча арызды кабыл алуу жана иштеп чыгуу (электрондук, мам.кызмат көрсөтүү порталы) – 2 жумуш күн;
- сууда куткаруу иши дисциплинасы боюнча окутуу – 68 саат. Адистигин тастыктоо – 10 саат;
- суучулдар ишинин III топтогу адистешкен, 3-класстагы суучул дисциплинасы боюнча окутуу– 314 саат, 2-классатагы суучул – 193 саат, 1-класстагы суучул – 173 саат. Адистигин тастыктоо – 24 саат;
- суучулдар ишинин I-II топтогу адистешкен, 3-классатагы суучулу дисциплинасы боюнча окутуу – 442 саат, 2-класстагы суучул – 360 саат, 1-класстагы суучул – 216 саат. Адистигин тастыктоо – 40 часов;
- дайвинг негиздери жана анын элементтери дисциплинасы боюнча окутуу, көзөмөлдөгү дайвер – 53 саат, өз алдынча дайвер – 128 саат, дайв-мастер – 307 саат.
(2) Кызмат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) эркин түрдө өз колу менен кол коюлган жазуу түрүндөгү арыз же уюмдун атынан жолдомо, (өкүл уюмдун атынан жиберилген учурда);
б) бекитилген формадагы 086У медициналык маалымдама;
в) арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
г) 3х4 өлчөмүндөгү түстүү сүрөт (4 даана);
(3) Кызмат көрсөтүүнүн өз наркы (эгерде ал бекер көрсөтүлсө) же анын кызмат баасы (эгерде ал акы төлөнүүчү болсо): Мамлекеттик кызмат көрсөтүү- акы төлөнүүчү болот, кызматтын баасы Монополияга каршы жөнгө салуу уюму менен макулдашылган (2013 – жылдын 10 – январындагы № 2 буйругу тиркеме №1), бул Регламенттин бөлүнбөс бөлүгү болгон расмий баа прейскурантына ылайык коюлат.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: суучулдар иши боюнча окууну аяктагандыгын күбөлөндүрүүчү билим сертификаты, суучулдун өздүк китеби. Сууда куткаруу иши боюнча: сууда куткаруучунун күбөлүгү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол – жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол – жоболорду өзүнө камтыйт:
Таблица 1
№ | Жол – жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кабыл алуу, каттоо жана иштеп чыгуу, документтердин толуктугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен орнотулган тизмеге ылайык келүүсүн текшерүү. |
|
2 | Арыз ээси менен келишим түзүү жана окуу топторун топтоо (сабактарды уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо) |
|
3 | Суучулдар иши, сууда куткаруу иши, дайвинг адистерин окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, адистигин жогорулатуу процессин өткөрүү. |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү |
|
3. Жол – жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол – жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Процедуранын жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат өкүлү | Аракеттин узактыгы | Аракеттин натыйжасы | Аракетти жөнгө салуучу документ | |
1- ПРОЦЕДУРА. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кабыл алуу, каттоо жана иштеп чыгуу, документтердин толуктугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен орнотулган тизмеге ылайык келүүсүн текшерүү. | |||||
Аракет 1.1 Кардардын мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жазуу түрүндөгү арызын кабыл алуу, каттоо. | 1-категориядагы адис – иш алып баруучу | 1 иш күн
| Арызды кириш кагаздарынын журналына каттоо | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
Аракет 1.2 Документтердин толук экендигин жана алардын мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык туура толтурулушун текшерүү. Документтердин комплекти болбосо же алар туура эмес толтурулса, арыз ээсине бул мүчүлүштүктөрдү жок кылуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык кайрадан кайрылуу сунушуталат. | 1 категориядагы адис –иш алып баруучу | 1 иш күн
| Арыз ээсинин документтерин кабыл алуу же кайтаруу | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
Аракет 1.3 Арыз ээсин мамлекеттик кызмат көрсөтүү мүкүнчүлүгү тууралуу же андан баш тартуу жөнүндө маалымдоо. Арыз ээсин келишим түзү тартиби жана окуу үчүн төлөм жүргүзүү ыкмалары жөнүндө маалымдоо. | 1-категориядагы адис – иш алып баруучу | 2 иш күн
| Арыз ээсине маалымдоо | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
2- ПРОЦЕДУРА. Арыз ээси менен келишим түзүү жана окуу топторун топтоо (сабактарды уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо ) | |||||
Аракет 2.1 Сабактарды уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо, арыз ээсине кызмат көрсөтүү типтүү келишиминин эки экземплярын берүү. | Суучулдар мектебинин башчысы | 1 иш күн | Келишимдин шарттарын макулдашуу | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
Аракет 2.2 Кызмат көрсөтүү келишимине кол коюу, баа прейскурантына ылайык эсеп счетуна кызматка төлөм жүргүзүү. | КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы | 2 иш күн | Кол коюлган Келишим | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
3-ПРОЦЕДУРА. Суучулдар иши, сууда куткаруу иши, дайвинг адистерин окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, адистигин жогорулатуу процессин өткөрүү. | |||||
Аракет 3.1 Суучулдар иши, сууда куткаруу иши, дайвинг адистерин окутуу, даярдоо, кайра даярдоо, адистигин жогорулатуу
| КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы | Окуу программасына ылайык | Керектүү билим жана ыкмаларды алуу | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
Аракет 3.2 Суучулдар иши, сууда куткаруу иши, дайвинг боюнча сынак уюштуруу жана өткөрүү | КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы | 1 иш күн | Билимди текшерүү | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
4 - ПРОЦЕДУРА. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү | |||||
Действие 4.1 Бекитилген үлгүдөгү окуу сертификатын, суучулдун өздүк китебин же сууда куткаруучунун күбөлүгүн берүү | КР ӨКМнин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы | 1 иш күн | Окууну аяктагандыгы тууралуу документтерди берүү | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты | |
5. 1, 2, 3, ж.б. жол – жоболордун схемасы (алгоритмдери)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламент талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча ички (күндөлүк) жана тышкы көзөмөл жүргүзүлөт.
1) Күндөлүк көзөмөлдү КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын суучулдар иши боюнча эксперти Молдокеев Эльнур Пайызбекович жүргүзөт.
2) Ички көзөмөл кызмат өкүлдөрү жана кызматкерлер менен административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү учурунда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын дайыма текшерүү жолу менен ишке ашырылат.
3) Текшерүү бир айда 1 жолу жүргүзүлөт.
Пландан тышкаркы текшерүүлөр кардардын арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын бузулушун жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык күнөөкөрлөрдүн жоопкерчилиги тууралуу маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен уюштурулган комиссия ишке ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө берилет, анда административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкатка кол коюлгандан баштап 3 иш күн аралыгында ал кызмат көрсөткөн мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн учурдан баштап бир ай ичинде аныкталган бузууларды жана мүчүлүштүктөрдү жок кылуу боюнча, аталган каталарга жол берген кызмат өкүлдөрүнө жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чара көрүлүшү керек.
Зарыл учурда, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контроль 1 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдары жана КР ӨКМнин алдындагы Суучулдар кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүүнү же анын бөлүгүн аутсорсингге жеке физикалык жана /же юридикалык жактарга аткарууга берүү учурунда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламент талаптарын сактоо жоопкерчилиги бул кызматты көрсөтүүгө жооптуу мекемеде калат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандарты менен бир учурда жана зарылчылыкка жараша кайра кароого жатат.
9. Административдик регламентти иштеп чыккандар
1. КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын башчысы – полковник Шамырканов У.М.
2. КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын Суучулдар мектебинин башчысы – Каптагаев А.
3. КР ӨКМдин алдындагы Суучулдар кызматынын юристи –Мамбеткулов Б.