Загрузка документа…
Тиркеме 4
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 24-июнундагы №616 буйругу менен бекитилген |
“Адистештирилген метеорологиялык, агрометеорологиялык, гидрологиялык маалымат берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 6-главасынын 10-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиги (Кыргызгидромет) тарабынан ишке ашырылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 675 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 30 күн;
(2) Кызмат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) жеке жактан - арыз ээсинин өзүнүн колу коюлган, эркин формада жазылган арызы паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, юридикалык жактан - фирмалык бланкта;
б) жазуу жүзүндөгү суроо-талапты факс, электрондук почта аркылуу жана жеке байланышта берүүгө болот;
в) юридикалык жактын реквизиттери (анын ичинде почталык (юридикалык жактын дареги, турган жери) жана банк реквизиттери (алыш-бериш эсебинин номери, банктын аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери - СИН);
г) арыз ээси билим берүү кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коёт жана окуу үчүн акыны келишимде көрсөтүлгөн тартипте, расмий прейскурантка ылайык КР ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин алыш-бериш эсебине төлөйт;
д) Чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин топтомун (мамлекеттик же расмий тилде) легалдаштырылган түрдө берет. Документтердин бардык көчүрмөлөрү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2016-жылдын 6-июлундагы №52 – буйругу менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган гидрометеорологиялык маалыматтардын прейскурантына ылайык акы төлөмө Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтөт. (Тиркеме 1)
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Метеорология, агрометеорология, гидрология боюнча адистештирилген маалыматтарды фирмалык бланкта директордун жана анын орун басарынын колу менен берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Суроо-талаптарды кабыл алуу, каттоо же юридикалык жактар менен келишим түзүү. | Арыздарды жана суроо-талаптарды кабыл алуу электрондук түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Суроо-талаптарды кабыл алуу жалпы бөлүм менен бирге ишке ашырылат. |
2 | Маалыматты даярдоо | Адистештирилген маалымат 2 нускада фирмалык бланкта коштомо кат даярдоо. |
3 | Каттоо жана жоопту берүү же келишим түзүү | Кол койдуруу жол-жобосу жалпы бөлүм менен бирдикте жүзөгө ашырылат. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн:
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Жол-жобонун жана иш-аракеттеринин аталышы | Аткаруучу, жооптуу кызматкер | Иш-аракеттин мөөнөтү | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документтер | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1.Керектүү суроолорду кабыл алуу жана каттоо же юридикалык жак менен келишим түзүү | |||||
Телефон аркылуу же тийиштүү адистердин кабинеттеринен сатып алуучуларга консульта-ция берүү. Келишим түзүү. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сатып алуулар секторунун гидрометкамсыздоо боюнча жетектөөчү адис | 20 мүнөткө чейин | Мамлекеттик кызматтарды алуу тартиби боюнча жана керектүү маалыматтардын бар-жогун, аткаруу мөөнөтүн тактоо, ылайыктуу байкоо пункттарын аныктоо тууралуу документ кабыл алынды | КРӨ 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтомунүн стандарттары, бирдиктүү реестринин 6-главасы, 10-пункту | |
Келип түшкөн өтүнмө арызды жалпы бөлүмдө кабыл алуу жана каттоо | Документтик камсыздоо бөлүмү | 10 мүнөткө чейин | Адистештирилген атайын метеорологиялык, агрометеорологиялыкгидрологиялык ж.б. маалыматтар алынды жана Документтик камсыздоо бөлүмүндө катталды | -//- | |
Биринчи аткаруучу “Метеорологиянын бөлүмүнүн начальниги” деген көрсөтүүсү менен жетекчичинин жолдомосу | Документтик камсыздоо бөлүмү | 30 мүнөткө чейин | Жетекчичинин жолдомосу менен документ кабыл алынды | -//- | |
Келип түшкөн өтүнмө арызды маркетинг бөлүмүнө тапшыруу жана Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сатып алуулар секторунун башчысынын жолдомосу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сатып алуулар секторунун гидромет камсыздоо боюнча жетектөөчү адис | 10 мүнөткө чейин | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сатып алуулар секторунун жолдомосу менен документ кабыл алынды | -//- | |
Өтүнмө арызды тийиштүү аткаруучуга өткөрүп берүү (ГББМКБ, АЧБББ) | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сатып алуулар секторунун гидромет камсыздоо боюнча жетектөөчү адис | 10 мүнөткө чейин | Өтүнмө арызды тийиштүү аткаруучуга өткөрүп берүү | -//- | |
Жол-жобонун жыйынтыгы: Өтүнмө арызды каттоо жана жөнөтүлдү | |||||
Жол-жобонун мөөнөтү: 1саат 20 мүнөткө чейин | |||||
Жол-жобонун түрү: атайын жол-жобо | |||||
2.Маалыматтарды даярдоо. Метеорология, агрометеорология, гидрология боюнча өтүнмө арыздар боюнча атайын маалыматтарды даярдоо. | |||||
Маалыматтарды туруктуу пайдалануучуларга кесипкөй адистердин усулдук кызмат көрсөтүүсү | Профилдик адис (климатолог, метеоролог, гидролог, агрометеоролог), МККСАСтын жетектөөчү адисинин катышуусунда | 20 мүнөткө чейин | Пайдалануучуларга параметрлер боюнча ; жакынкы байкоо жүргүзүүчү пункттар боюнча, эсептелген же сандык түрдөгү маалыматтарды жана аткаруу мөөнөтү боюнча маалымат берүү. | 2014-жылдын 3-июнундагы №303 ППКР стандарты Бирдиктүү реестрдин 6-главасы, 10-пункту
| |
Башкармачылыктын башчысынан тапшырма алгандан кийин керектүү материалдар чогултулат анын ичинде күндөлүк 8 мөөнөттүк байкоолордун 5-10 жыл аралыгындагы сандык катышта жазуу да кирет. | Профилдик бөлүмдөрдүн адистери (климатолог, метеоролог, гидролог, агрометеоролог) | 1 күндөн 30 күнгө чейин | Толукталган көрсөткүчтөрдүн топтому. |
| |
Чогултулган маалыматтардын сапатын жана талап коюлган маалыматтар боюнча текшерүү. | Профилдик бөлүмдөрдүн жетекчилери (климатолог, метеоролог, гидролог, агрометеоролог), алар жок болгон учурда башкы же жетектөөчү адистер | 1 саат | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сатып алуулар секторуна берилген суроо талаптын даяр жообун алуу. | ДМОнун климаттык нормаларды эсеп боюнча башкарууну көргөзгөн ДМО-№ 1203, 2017-ж. https://library.wmo.int/opac/doc_num.php?explnum_id=4168 | |
Жол-жобонун жыйынтыгы: Атайын маалыматтар даяр жана маркетинг бөлүмүнө берилди. | |||||
Кызматты аткаруу мөөнөтү: 1 күндөн 30 күнгө чейинки иш күн аралыгында 1 саат 20 мин. | |||||
Бул кызматтын түрү: уюштуруу-башкаруучулук | |||||
| |||||
3. Пайдалануучуларга маалыматты берүү же келишим түзүү | |||||
Колдонуучу катты даярдоо жана директордун же орун басарынын колун койдуруу жана журналга суроо-талаптын жообун каттоо. | Гидромет камсыздоо боюнча жетектөөчү адис | 30 мүнөткө Чейин | Коштомо кат жиберүүгө даяр | 2014-жылдын 3-июнундагы №303 ППКР стандарты Бирдиктүү реестрдин 6-главасы, 10-пункту
| |
Тапшырма берүүчүлөрдүн атына төлөө дүмүрчөгүн МККСАСтын башчысынын колу коюлган дүмүрчөгүн даярдоо. Зарыл болгон эсеп-фактуралар мындай учурда, жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу жана гербдүү мөөрү менен даярдалат. | Гидромет камсыздоо боюнча жетектөөчү адис | 20 мүнөткө чейин | Кызмат акы төлөмү тууралуу эсеп-дүмүрчөк кабыл алынды | -//- | |
Кызмат акы алуу жана эсеп-фактура берүү | Финансы, бухгалтериялык эсеп жана отчеттуулук башкармалыгынын кассири же адиси тарабынан | 15 мүнөткө чейин | Кызмат төлөндү. | -//- | |
Керектөөчүгө маалымат берүү | МККСАС жетектөөчү гидромет камсыздоо боюнча адис тарабынан | 5 мүнөткө чейин | Маалымат керектөөчүгө берилди. | -//- | |
Жол-жоболордун натыйжасы: Керектөөчүгө суроо-талабы боюнча маалымат берилди же келишим түзүлдү. | |||||
Жол-жобонун мөөнөтү: 1 саатка чейин. | |||||
Жол-жобонун түрү: атайын жол-жобо | |||||
5. 1, 2, 3 ж.б. жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар тарабынан толтурулат)
1-Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
2-Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
3-Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду жүргүзүүчү Кыргызгидрометтин директорунун орун басары Раманкулова А.Ж.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана сакталышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
3) Текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү: жарым жылда 1 жолу түзөт. Пландаштырылбаган текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча өткөрүлөт.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен уюштурулган комиссия ишке ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар кабыл алынууга тийиш.
Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контроль 1 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын жарым-жартылайы аутсорсингге жеке жактарга же/жана юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик талаптарынын сакталышына жоопкерчилик бул кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир мезгилде жана зарылчылыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Бегимкулова Жазгул Ибраймжановна – Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сатып алуулар секторунун башчысы;
2. Черникова Татьяна Генадьевна - Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын начальниги.