Загрузка документа…
Тиркеме 6
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 24-июнундагы № 616 буйругу менен бекитилген |
“Өрт коопсуздугунун чаралары боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматкерлерди, студенттерди, окуучуларды үйрөтүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги),
1-главасынын 114-пункту
1. Жалпы жоболор
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү: “Өрт коопсуздугунун чаралары боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо, жумушчуларды, кызматкерлерди, студенттерди, окуучуларды үйрөтүү” Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары – КР ӨКМдин ЖКАДКДБ) тарабынан ишке ашырылат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн адиминистративдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябырындагы №675 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
3. (1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убакыты:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча арызды кабыл алуу жана иштеп чыгуу (электрондук, мам.кызмат көрсөтүү порталы) – 2 жумуш күн;
а) өрт коопсуздугу боюнча адистерди даярдоо жана кайра даярдоо (КР ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн кызмат адамдары), менчик түрүнө карабастан ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүнүн адистери, даярдык программасына ылайык;
б) өрт коопсуздугу боюнча калкты (окутуучулар, окуучулар, студенттер, жумушчулар жана кызматкерлер) окутуу:
- өрт өчүрүү темасы боюнча нускама, маек;
- өрт учурунда алгачкы өрт өчүрүү каражаттарын колдонуу боюнча окутуу;
- өрт учурунда эвакуация боюнча практикалык окууларга окутуу жана жүргүзүү;
(2) Кызмат алууга керектүү документтердин тизмеси:
а) эркин түрдө ыйгарым укуктуу өкүлдүн колу коюлган жазуу түрүндөгү арыз
( юридикалык жактар үчүн - мөөр басылган расмий бланкта);
б) арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн баасы: акысыз.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы:
а) даярдоо/кайра даярдоо боюнча тиешелүү үлгүдөгү сертификат;
б) өрт коопсуздугу жаатында калктын маалымдуулугун жогорулатуу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кабыл алуу, каттоо жана иштеп чыгуу, документтердин толуктугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен орнотулган тизмеге ылайык келүүсүн текшерүү. |
|
2 | Окууну уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо |
|
3 | Өрт коопсуздугунун талаптары боюнча адистерди даярдоо кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзүү |
|
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү. |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Процедуранын жана аракеттердин аталышы | Аткаруучу, кызмат өкүлү | Аракеттин узактыгы | Аракеттин натыйжасы | Аракетти жөнгө салуучу документ |
|
|
|
|
|
1-жол жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча документтерди кабыл алуу, каттоо жана иштеп чыгуу, документтердин толуктугун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен орнотулган тизмеге ылайык келүүсүн текшерүү | ||||
Аракет 1.1 Кардардын мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча жазуу түрүндөгү арызын кабыл алуу, каттоо. | Кадрлар жана иш жүргүзүү бөлүмчөсүнүн офицери | 1 иш күн
| Арызды кириш кагаздарынын журналына каттоо | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
Аракет 1.2 Документтердин толук экендигин жана алардын туура мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык толтурулушун текшерүү. Документтердин комплекти болбосо же алар туура эмес толтурулса, арыз ээсине бул мүчүлүштүктөрдү жок кылуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына ылайык кайрадан кайрылуу сунушуталат.
| Кадрлар жана иш жүргүзүү бөлүмчөсүнүн офицери | 1 жумуш күн | Арыз ээсинин документтерин кабыл алуу же кайтаруу | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
Аракет 1.3 Арыз ээсин мамлекеттик кызмат көрсөтүү мүкүнчүлүгү тууралуу же андан баш тартуу жөнүндө маалымдоо. Арыз ээсин келишим түзүү тартиби жана бекитилген баа прейскурантына ылайык окууларды жүргүзүү ыкмалары жөнүндө маалымдоо. | Кадрлар жана иш жүргүзүү бөлүмчөсүнүн офицери | 2 жумуш күн | Арыз ээсине маалымдоо | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
2-жол жобо. Окууну уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун жана мөөнөтүн аныктоо | ||||
Аракет 2.1 Окууну уюштуруу жана өткөрүү шарттарын, ордун, тематикасын жана мөөнөтүн аныктоо | КР ӨКМдин ЖКАДКДБ башчысынын орун басары | 1 жумуш күн | Келишимдин шарттарын макулдашуу | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
3-жол жобо. Окууну жүргүзүү, адистерди даярдоо, кайра адярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | ||||
Аракет 3.1 Адистерди окутуу, даярдоо, кайра адярдоо жана квалификациясын жогорулатуу | КР ӨКМдин ЖКАДКДБ башчысы | Окуу программасына ылайык | Керектүү иш көлөмү алынды | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
Аракет 3.2 Тест (зачет) уюштуруу жана жүргүзүү
| КР ӨКМдин ЖКАДКДБ башчысы | 1 жумуш күн | Алган билими текшерилди | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
4-жол жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүү | ||||
Аракет 4.1 Тиешелүү үлгүдөгү билим берүү сертификатын берүү | КР ӨКМдин ЖКАДКДБ башчысы | 1 жумуш күн | Иштин аяктагандыгы тууралуу актыны берүү | Мамлекет-тик кызмат көрсөтүү стандарты |
5. 1, 2, 3 ж.б. жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар тарабынан толтурулат)
1-жол-жобонун схемасы (алгоритми)
2-жол-жобонун схемасы (алгоритми)
3-жол-жобонун схемасы (алгоритми)
4-жол-жобонун схемасы (алгоритми)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
5. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду КР ӨКМдин алдындагы ЖКАДКДБ окуу-методикалык бөлүгүнүн башчысы подполковник Шаршеналиев Болот Арстанбекович жүргүзөт.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана сакталышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
3) Текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгү 1 кварталда 1 жолу жүргүзүлөт.
Пландан тышкары текшерүү кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
6. Административдик регламент талаптарынын аткарылышы боюнча тышкы көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия ишке ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкат кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн аралыгында бул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар кабыл алынууга тийиш.
Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду КР ӨКМдин Борбордук аппаратынын Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иштери боюнча башкармалыгы тарабынан жылына бирден кем эмес жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн КР ӨКМдин алдындагы ЖКАДКДБ кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Кызмат көрсөтүү же анын жарым-жартылайы аутсорсингге жеке жактарга же/жана юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик талаптарынын сакталышына жоопкерчилик бул кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
9. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир мезгилде жана зарылчылыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. КР ӨКМдин алдындагы ЖКАДКДБ башчысы – полковник Асанов А.А.
2. КР ӨКМдин алдындагы ЖКАДКДБ башчысынын орун басары - полковник Бекжанов М.К.
3. КР ӨКМдин алдындагы ЖКАДКДБ окуу-методикалык бөлүгүнүн башчысы – подполковник Шаршеналиев Б.А.