Загрузка документа…
Тиркеме 8
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2020-жылдын 24-июнундагы №616 буйругу менен бекитилген |
“Жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча шахталардын жана кендердин атайын жабдууларын сыноо” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү реестри (тизмеги), 5-главасынын 42-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүлөр тарабынан ишке ашырылат:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматы (КР ӨКМ ТККК).
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-ноябрындагы № 675 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 1 күн;
(2) Кызмат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) жеке жактан - арыз ээсинин өзүнүн колу коюлган, эркин формада жазылган арызы паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен, юридикалык жактан - фирмалык бланкта;
б) жазуу жүзүндөгү суроо-талапты факс, электрондук почта аркылуу жана жеке байланышта берүүгө болот;
в) юридикалык жактын реквизиттери (анын ичинде почталык (юридикалык жактын дареги, турган жери) жана банк реквизиттери (алыш-бериш эсебинин номери, банктын аталышы, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери - СИН);
г) арыз ээси кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коёт жана текшерүү үчүн акыны келишимде көрсөтүлгөн тартипте, расмий прейскурантка ылайык КР ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын алыш-бериш эсебине төлөйт;
д) Чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин топтомун (мамлекеттик же расмий тилде) легалдаштырылган түрдө берет. Документтердин бардык көчүрмөлөрү нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн өз наркы (эгерде ал бекер көрсөтүлсө) же анын кызмат баасы (эгерде ал акы төлөнүүчү болсо): Мамлекеттик кызмат көрсөтүү- акы төлөнүүчү болот, кызматтын баасы Монополияга каршы жөнгө салуу уюму менен макулдашылган (2020 – жылдын 29 – майындагы №12 буйругу тиркеме №1) бул Регламенттин бөлүнбөс бөлүгү болгон расмий баа прейскурантына ылайык коюлат.
4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Шахта жана тоо-кен ишканаларынын адистештирилген шаймандарын текшерүү жана сыноо (юридикалык жана жеке жактардын кайрылуусу менен маалыматтарды фирмалык бланкта директордун жана анын орун басарынын колу менен берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Суроо-талаптарды кабыл алуу, каттоо же юридикалык жактар менен келишим түзүү. | Арыздарды жана суроо-талаптарды кабыл алуу электрондук түрдө жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Суроо-талаптарды кабыл алуу жалпы бөлүм менен бирге ишке ашырылат. |
2 | Маалыматты даярдоо | Адистештирилген маалымат 2 нускада фирмалык бланкта коштомо кат даярдоо. |
3 | Каттоо жана жоопту берүү же келишим түзүү | Кол койдуруу жол-жобосу жалпы бөлүм менен бирдикте жүзөгө ашырылат. |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн:
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Жол-жобонун жана иш-аракеттеринин аталышы | Аткаруучу, жооптуу кызматкер | Иш-аракеттин мөөнөтү | Иш-аракеттин жыйынтыгы | Иш-аракеттерди жөнгө салуучу документтер | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |
1.Керектүү суроолорду кабыл алуу жана каттоо же юридикалык жак менен келишим түзүү | |||||
Телефон аркылуу же тийиштүү адистердин кабинеттеринен сатып алуучуларга консульта-ция берүү. Келишим түзүү. | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун башкы инженери | 20 мүнөткө чейин | Мамлекеттик кызматтарды алуу тартиби боюнча жана керектүү маалыматтардын бар-жогун, аткаруу мөөнөтүн тактоо, шаймандарын текшерүү жана сыноо абалын аныктоо тууралуу документ кабыл алынды | КРӨ 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтомунүн стандарттары, бирдиктүү реестринин 5-главасы, 42-пункту | |
Келип түшкөн өтүнмө арызды жалпы бөлүмдө кабыл алуу жана катто | Документтик камсыздоо бөлүмү | 10 мүнөткө чейин | Шахта жана тоо-кен ишканаларынын адистештирилген шаймандарын текшерүү жана сыноо боюнча маалыматтар алынды жана кадрлар бөлүмүндө катталды | -//- | |
Биринчи аткаруучу “Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун” башкы инженери көрсөтүүсү менен жетекчичинин жолдомосу | Кадрлар бөлүмү | 30 мүнөткө чейин | Жетекчичинин жолдомосу менен документ кабыл алынды | -//- | |
Келип түшкөн өтүнмө арызды Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнө тапшыруу жана бөлүмдүн нунначальнигинин жолдомосу | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун башкы инженери | 10 мүнөткө чейин | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун жолдомосу менен документ кабыл алынды | -//- | |
Өтүнмө арызды тийиштүү аткаруучуга өткөрүп берүү | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун башкы инженери | 10 мүнөткө чейин | Өтүнмө арызды тийиштүү аткаруучуга өткөрүп берүү | -//- | |
Жол-жобонун жыйынтыгы: Өтүнмө арызды каттоо жана жөнөтүлдү | |||||
Жол-жобонун мөөнөтү: 1саат 20 мүнөткө чейин | |||||
Жол-жобонун түрү: атайын жол-жобо | |||||
2.Маалыматтарды даярдоо. Шахта жана тоо-кен ишканаларынын адистештирилген шаймандарын текшерүү жана сыноо боюнча өтүнмө арыздар боюнча атайын маалыматтарды даярдоо. | |||||
Маалыматтарды туруктуу пайдалануучуларга кесипкөй адистердин усулдук кызмат көрсөтүүсү | Профилдик адис (башкы инженер, башкы механик), | 20 мүнөткө чейин | Пайдалануучуларга параметрлер боюнча; кызмат көрсөтүүлөр жана маалыматтар бар экендиги жөнүндө зарыл параметрлери (индивидуалдык мамиле кылуу), Шахта жана тоо-кен ишканаларынын адистештирилген шаймандарын текшерүү жана сыноо абалы, жана аткаруу мөөнөтү боюнча маалымат берүү.
| 2014-жылдын 3-июнундагы №303 ППКР стандарты 5-глава, 42-пункт Бирдиктүү реестр | |
Башкармачылыктын башчысынан тапшырма алгандан кийин керектүү материалдар чогултулат | Профилдик бөлүмдөрдүн адистери (башкы инженер, башкы механик) | 1 күндөн 10 күнгө чейин | Толукталган көрсөткүчтөрдүн топтому. |
| |
Чогултулган маалыматтардын сапатын жана талап коюлган маалыматтар боюнча текшерүү. | Профилдик бөлүмдөрдүн жетекчилери (башкы инженер, башкы механик) | 1 саат | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнө берилген суроо талаптын даяр жообун алуу. |
| |
Жол-жобонун жыйынтыгы: Атайын маалыматтар даяр жана тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнө берилди. | |||||
Кызматты аткаруу мөөнөтү: 1 күндөн 10 күнгө чейинки иш күн арлыгында 1 саат 20 мин. | |||||
Бул кызматтын түрү: уюштуруу-башкаруучулук | |||||
| |||||
3. Пайдалануучуларга маалыматты берүү же келишим түзүү | |||||
Колдонуучу катты даярдоо жана начальниктин же орун басарынын колун койдуруу жана журналга суроо-талаптын жообун каттоо. | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун башкы инженери | 30 мүнөткө чейин | Коштомо кат жиберүүгө даяр | 2014-жылдын 3-июнундагы №303 ППКР стандарты Бирдиктүү реестрдин 5-глава, 42-пункт
| |
Тапшырма берүүчүлөрдүн атына төлөө дүмүрчөгүн Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун башкы инженери нин колу коюлган дүмүрчөгүн даярдоо. Зарыл болгон эсеп-фактуралар мындай учурда, жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу жана гербдүү мөөрү менен даярдалат. | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун башкы инженери | 20 мүнөткө чейин | Кызмат акы төлөмү тууралуу эсеп-дүмүрчөк кабыл алынды | -//- | |
Кызмат акы алуу жана эсеп-дүмүрчөк берүү | Финансы кызматы тарабынан | 15 мүнөткө чейин | Кызмат төлөндү. | -//- | |
Керектөөчүгө маалымат берүү | Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнун башкы инженери | 5 мүнөткө чейин | Маалымат керектөөчүгө берилди. | -//- | |
Жол-жоболордун натыйжасы: Керектөөчүгө суроо-талабы боюнча маалымат берилди же келишим түзүлдү. | |||||
Жол-жобонун мөөнөтү: 1 саатка чейин. | |||||
Жол-жобонун түрү: атайын жол-жобо | |||||
5. 1, 2, 3 ж.б. жол-жоболордун схемасы (алгоритмдери)
(Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулар тарабынан толтурулат)
1-жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
2-жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
3-жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду Тоо-кен кырсыгынан куткаруу кызматынын башкы инженери Т.Б.Маматов жүргүзөт.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана сакталышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
3) Текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү: жарым жылда 1 жолу түзөт. Пландаштырылбаган текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн арызы боюнча өткөрүлөт.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен уюштурулган комиссия ишке ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар кабыл алынууга тийиш.
Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контроль 1 жылда 1 жолу жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Кызмат көрсөтүү же анын жарым-жартылайы аутсорсингге жеке жактарга же/жана юридикалык жактарга аткарууга өткөрүлүп берилген учурда кызмат көрсөтүүнүн административдик талаптарынын сакталышына жоопкерчилик бул кызматтарды көрсөтүүгө жооптуу мекемеде сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароо менен бир мезгилде жана зарылчылыгына жараша кайра каралууга тийиш.
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
1. Маматов Тынычбек Бердибекович – Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнүн башкы инженери;
2. Яценко Владимир Алексеевич - Тоо-кен жана тоо кырсыгынан куткаруу иштери бөлүмүнүн башкы технологу.