Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОВЕТИНИН ЗАКОНУ
1991-жылдын 17-апрели N 418-XII
"Мумия жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды коргоо жана сарамжал пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Уголовный кодексине жана Кыргыз Республикасынын Уголовный-процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу"
(КР 1997-жылдын 1-октябрындагы N 69 Мыйзамынын, 1998-жылдын 4-августундагы N 115 Мыйзамынын, 1999-жылдын 30-июнундагы N 63 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
Мумияны жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо жана сарамжал пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында мумияны жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды өз алдынча жыйноого, ошондой эле аларды сатууга тыюу салынсын.
Мумия жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды жыйноого, кайра иштетүүгө жана сатууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому тарабынан ага полномочие берилген уюмдарга жана ишканаларга уруксат берилет.
2. Мумияны жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды сатуу максатында эмес өз алдынча жыйнаганда мумияны жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды конфискациялоо менен жүз сомдон беш жүз сомго чейинки өлчөмдө штраф салуу түрүндөгү административдик жоопкерчилик белгиленсин.
Мумияны жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды сатуу максатында өз алдынча жыйнаганда, ошого тете сатканда мумияны жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды конфискациялоо менен беш жүз сомдон миң сомго чейинки өлчөмдө штраф салынат.
Мамлекетке ири өлчөмдө зыян алып келген же мурда ушундай кылмыш үчүн соттолгон адам тарабынан жасалган ошол эле аракеттер, мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат.
3. (Күчүн жоготту)
4. (Күчүн жоготту)
5. (Күчүн жоготту)
Президент Кыргызской Республики |
А. Акаев |