Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-декабры № 3414-VI
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалы жана келечектери боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-мартындагы № 3636-VI, токтомунун редакциясына ылайык)
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК берген электр энергиясын жоготуулардын деңгээлинин, бөлүштүрүүчү энергокомпанияларындагы дебитордук карыздын деңгээлинин көрсөтүлгөн сандарынын аныктыгын ар тараптан иликтөө, энергетика тутумундагы коррупциялык схемалардын кесепеттерин иликтөө, электр энергиясын эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүү жана Кыргыз Республикасында энергетика секторун өнүктүрүүнүн абалын жана келечектерин иликтөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
М.А.Айнакулов, О.М.Бакиров, И.А.Маннанов, А.Ш.Осмонова - КСДП парламенттик фракциясынан;
М.Э.Сабиров, У.Т.Кыдыралиев, Б.К.Райымкулов - "Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясынан;
Т.К.Конушбаев, А.С.Токторов - "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;
З.И.Жамалдинов - "Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынан;
А.У.Жапаров - "Бир Бол" парламенттик фракциясынан;
Б.И.Сулейманов - "Ата Мекен" парламенттик фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары Комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарылчылык болгондо ушул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын адистерин жана эксперттерин жана коомдук уюмдарды ишке тартууга укуктуу.
3-1. Тартылган эксперттердин эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басарынын эмгек акысынын деңгээлинде акы төлөө өлчөмү белгиленсин жана ушул комиссиянын ишинин мезгилине 2020-жылдын 13-январынан тартып эмгек келишими түзүлсүн.
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-мартындагы № 3636-VI токтомунун редакциясына ылайык)
3-2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылга сметасында кошумча акча каражаттарын карасын жана тартылган эксперттердин ишине акы төлөө жана иш сапардык чыгашалар үчүн "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө эске алсын.
(КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 18-мартындагы № 3636-VI токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы Комиссиянын иши үчүн зарыл шарттарды түзсүн.
5. Комиссия жасалган иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2020-жылдын 30-июнуна чейин маалымдасын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |