Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 26-февралы № 3574-VI
"2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Сот реформасын ишке ашыруу жана сот бийлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 174 токтому менен жактырган, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген "2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасынын аткарылышы боюнча жыйынды отчет эске алынсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Д.Джумабеков |