Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4356-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 14-октябры № 4114-VI

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер С.Н.Жапаров тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 10-октябрындагы № 4106-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

 

К.Исаев