Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-декабры № 4226-VI
"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын улутташтырылган объекттер боюнча чечимин ишке ашыруу бүлүгүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3020-VI токтомунун аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика министри, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктөрдүн мурдагы менчик ээлеринин мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө кайрылууларын кароо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) төрагасы С.Т.Муканбетовдун "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын улутташтырылган объекттер боюнча чечимин ишке ашыруу бөлүгүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 3020-VI токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт.
Бүгүнкү күндө Комиссиянын жумушчу тобунун алкагында (эксперттик деңгээлде) Комиссия тарабынан жыйналыштар жана кеңешмелер өткөрүлдү.
2020-жылдын 15-июнунда Комиссиянын жыйналышы өткөрүлдү, анда "О.К.К.В." ЖЧК жана "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоо-туристтик комплексинин объекттерине үлүштүк курулуштун 20 катышуучусунун арызы каралган жана тиешелүү чечим кабыл алынган (маалыматтын көчүрмөсү тиркелет), мында көрсөтүлгөн чечимге Комиссиянын мүчөсү - Кыргыз Республикасынын юстиция министри М.Т.Джаманкулов өзгөчө пикири менен кол койгон (көчүрмөсү тиркелет).
Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду "2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык улутташтырылган мүлктөрдүн мурдагы менчик ээлеринин мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү жөнүндө кайрылууларын кароо боюнча Комиссиянын чечими жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдаган жана 2020-жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизген, ал Комиссия мүлктүк укуктарды калыбына келтирүү же болбосо мүлктүк укуктарды калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу экени жөнүндө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ушуга окшош пикирин жүйөлөштүрүү менен 2020-жылдын 12-ноябрында кайра кайтарылып берилген.
Мында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети ушул маселе Комитеттин жыйналышында 6 (алты) жолу каралганын, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырмалар берилгенин, бирок маселе ушул убакка чейин чечилбегенин белгилейт.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын улутташтырылган объекттер боюнча 2014-жылдын 11-июлундагы чечимин жана ведомстволор аралык комиссиянын чечимин милдеттүү түрдө толук көлөмдө аткаруу боюнча чараларды көрсүн жана ушул токтомдун аткарылышы боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- Комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сотко кайрылуу укугу менен, "О.К.К.В." ЖЧК жана "Аврора Грин" ден соолукту чыңдоо-туристтик комплексинин объекттерине үлүштүк курулуштун 20 катышуучусунун мүлктүк укуктарын калыбына келтирүү жөнүндө тиешелүү токтом кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 14-июлундагы чечимин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 6-апрелиндеги № 418-VI токтомун аткарбаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карасын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| М.Бакиров |