Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-июну № 658-VI
"2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан - Кытай" Газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 363-VI токтому менен кабыл алынган "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан - Кытай" Газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты М.А.Султанов демилгелеген "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан - Кытай" Газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков
|