ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 8-июнундагы № 658-VI «2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы «Кыргызстан - Кытай» Газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу» токтому

Редакция08.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 8-июну № 658-VI

"2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан - Кытай" Газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 10-мартындагы № 363-VI токтому менен кабыл алынган "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан - Кытай" Газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты М.А.Султанов демилгелеген "2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, 2013-жылдын 30-декабрында № 229 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан - Кытай" Газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.

 

Төраганын орун басары

Н. Алимбеков