Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-июну № 3895-VI
"Суу менен жабдуу жана канализация тутумун реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кара-Балта шаары боюнча 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б, Токмок шаары боюнча 2019-жылдын 15-мартындагы № 56-б жана Нарын шаары боюнча 2020-жылдын 20-февралындагы № 51-б буйруктарына ылайык берилген бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Суу менен жабдуу жана канализация тутумун реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кара-Балта шаары боюнча 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 128-б, Токмок шаары боюнча 2019-жылдын 15-мартындагы № 56-б жана Нарын шаары боюнча 2020-жылдын 20-февралындагы № 51-б буйруктарына ылайык берилген бюджеттик кредиттерди кайра түзүмдөштүрүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик кредиттерди кайтаруунун сунушталган шарттарын эске алуу менен ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| М.Бакиров |