Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-сентябры № 4857-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI жана 2021-жылдын 24-февралындагы № 4422-VI токтомдору менен түзүлгөн "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-майындагы № 4555-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI жана 2021-жылдын 24-февралындагы № 4422-VI токтомдору менен түзүлгөн "Кумтөр" алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-майындагы № 4555-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. "Кумтөр Голд Компани" ЖАК, "Центерра Голд Инк." ЖАК ишине байланышкан айрым маселелерди талдоо жана тактоо үчүн, ошондой эле арбитраждык териштирүү жана аны жүргүзүү үчүн документтерди даярдоо максатында Мамлекеттик комиссиянын ишинин мөөнөтү VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин мөөнөтү аяктаганга чейин узартылсын.".
Төраганын орун басары | Н.О. Сыдыгалиев |