Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 18-марты ПЖ № 163
"Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын жана жарандык коомдун иштиктүү өнөктөштүгүнүн принциптеринде Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги №157 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин курамы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кызмат орду боюнча
КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы;
- Кыргызстан Ишкерлер союзунун президенти;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун директору."
2. "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 6-февралындагы № 91 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |