Загрузка документа…
КР Президентинин
2009-жылдын 18-мартындагы № 163
жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 6-февралы ПЖ № 91
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 157 "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Улуттук кеңештин курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:
- 2007-жылдын 18-апрелиндеги № 179 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу";
- 2008-жылдын 2-сентябрындагы № 315 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу".
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 6-февралынын № 91 Жарлыгынын № 1 тиркемеси |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 157 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кызмат орду боюнча КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрайымы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министри;
- Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы;
- Кыргызстан ишкерлер Союзунун президенти;
- "Кыргызстан иш берүүчүлөр конфедерациясы" Союзунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөржай палатасынын президенти".
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |