Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 5-апрели ПЖ № 157
Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө
(КР Президентинин 2007-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 179, 2008-жылдын 16-апрелиндеги ПЖ № 134, 2008-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 315, 2009-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 91, 2009 -жылдын 18-мартындагы ПЖ № 163 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын жана жарандык коомдун иштиктүү өнөктөштүгүнүн принциптеринде Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча ишти координациялоону камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Улуттук кеңеш жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп саналат деп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:
"Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" 2001-жылдын 23-августундагы № 259 Жарлыгы;
"Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" 2006-жылдын 27-январындагы № 36 Жарлыгы;
"Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңештин жаңы курамы жөнүндө" 2006-жылдын 27-январындагы № 37 Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги № 157 Жарлыгы менен бекитилген |
(КР Президентинин
2009-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 163 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Улуттук кеңештин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри;
- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстар министри;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы;
- Кыргызстан Ишкерлер союзунун президенти;
- Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык талдоо жана баа берүү институтунун директору.