Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы
№ 6-VIII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-январы № 10-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 3 орун басары;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 8 комитети.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:
1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;
2) Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;
3) Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет;
4) Социалдык саясат боюнча комитет;
5) Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет;
6) Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
7) Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;
8) Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" 2005-жылдын 30-мартындагы № 20-III;
"2005-жылдын 30-мартындагы № 20-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" 2006-жылдын 19-июнундагы № 1152-III;
"2005-жылдын 30-мартындагы № 20-III "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" 2006-жылдын 8-декабрындагы № 1427-III;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI;
"2015-жылдын 6-ноябрындагы № 14-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" 2016-жылдын 29-июнундагы № 824-VI.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Т. Мамытов |