Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 14-апрели №187-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай;
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасында адам укуктарын сактоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалы, көйгөйлүү маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 124-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында катуу таштандыларды башкаруу тутумун жакшыртуу" долбоорун каржылоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн 22 млн. евронун максаттуу пайдаланылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө;
Жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген насыялар менен камсыз кылуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Мамытов |