Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-июну № 279-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 2-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай;
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуулар тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"2022-жылдын 14-январында Бишкек шаарында жана 2022-жылдын 18-январында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү" концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы № 2532-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Санариптик өнүктүрүү министрлигине стратегиялык объекттерди өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугу, Билим берүү жана илим министрлигинин тутумду реформалоо боюнча пландары, табигый кырсыктардан жабыр тарткан дыйкандарга Айыл чарба министрлигинин көмөк көрсөтүү боюнча иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы.
Төрага | Т.Т.Мамытов |