Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-сентябры № 452-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
2022-жылдын сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календардык иш планын бекитүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Г.М.Баатырованы дайындоого макулдук берүү жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;
"Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору;
"Ички иштер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 3-декабрындагы № 83-VI токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын, фракциясынын жана комитетинин фонддору жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| Т.Т.Мамытов |